Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20- апрели № 2
«Кара – Балта шаарынын 2015 – жылынын бюджетинин аткарылышы, шаардын 2016 – жылынын бюджети жана Кара-Балта шаарынын 2017-2018 – ж.ж. бюджетинин болжолу жөнүндө»
Кара – Балта шаарынын 2015 – жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө жана 2016 – жылынын бюджеттин долбоорун, 2017-2018 – ж.ж. бюджетинин болжолу жөнүндө иш кагаздарын карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы негизги принциптер боюнча бюджеттик укук” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана “Жергиликтүү өзүн - өзү башкаруу ” мыйзамынын 18,19 жана 31 – беренесинин негизинде Кара – Балта шаарынын шаардык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мэриянын №1,1а тиркемесине ылайык Кара – Балта шаарынын 2015 – жылынын бюджетинин аткарылышы бекитилсин.
2. Кара – Балта шаарынын мэриясы тарабынан көрсөтүлгөн 2015 – жылынын бюджетинин киреше бөлүгүн – 274939,1 миң сом жана чыгаша бөлүгүн – 274939,1 миң сом өлчөмүндө, 01.01.2016 – жылга калган эркин калдык – 1470,6 миң сом өлчөмүндөгү көрсөткүчтөрү бекитилсин.
3. Кара – Балта шаарынын киреше бөлүгү №2 тиркемесине ылайык, келип түшкөн киреше булактарынын түзүүлөрүн тактоо жана №3 тиркемесине ылайык Кара – Балта шаарынын 2017-2018 – ж.ж киреше бөлүгүнүн болжолу колдонулсун.
4. Кара – Балта шаарынын мэриясы үчүн шаардык бюджетке төмөнкүдөй жөнгө салынган кирешелердин жана жергиликтүү кирешелеринин чегерүү нормативдери бекитилсин:
сатуудан салык – 50 %;
салык агенти төлөгөн киреше салыгы – 50 %;
кеңдерди пайдалануудан салык – 50%
өкмөт органдарынан түшкөн административдик айыптар – 50%
милдеттүү патенттөө негизиндеги салык – 100 %.
ыктыярдуу негизиндеги патенттөөдөн салык – 100 %
жер казынасын пайдалангандык үчүн салык(рояльти) – 50 %
4. Ал эми 100% бекитилген салыктар, шаардын аймагында жайгашкан иштерин жүргүзүүчү субъекттерден келип түшкөн жыйымдар (унаа токтотуу үчүн жыйым, таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым, короо үчүн салынган жер салыгы, айыл чарба эмес жерлер үчүн салынган жер салыгы, мамлекеттик алым, транспорт каражаттарынын ээлеринен салык, чакан ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салык, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө болгон салык ), андан башка шаардын муниципалдык менчиктерин башкаруудан келип түшкөн кирешелер.
5. № 4 жана № 5 тиркемелерине ылайык шаардын бюджетинин жана атайын эсеп боюнча бюджетинин 2016 – жылга чыгаша бөлүгү бекитилсин.
6. Шаардык бюджеттин 2016 – жылына чыгаша бөлүгүн каржылоо накталай келип түшкөн киреше бөлүгүнүн чегинде жүргүзүлүүсү белгиленсин, эң биринчи кезекте корголгон эсеп-чоттор (эмгек акы, социалдык фондго төгүмдөр, тамак – аш жана коммуналдык чыгымдар).
7. 2015 – жылы каржыланбай калган чыгымдар 2016 – жылынын карала турган бюджеттин чегинде жана 01.01.2016 – жылга калган 1470,6 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдыктан компенсацияланышы бекитилсин.
8. Шаардык бюджеттен бир күнгө тамак – аш нормативи бекитилсин:
1.) Мектепке чейинки балдар мекемеде – 39 сом
2. ) А.С. Макаренко атындагы №10 мектеп – гимназиясына – 105 сом
9. “Манас” спорт топтому жана В.И. Ленина атындагы маданият үйү көрсөтүлгөн тейлөөдөн атайын эсепке түшкөн кирешелерди 60 % жумушчулардын эмгек акыларына колдонулусу, 40 % болсо ушул мекемелерге багытталуусу бекитилсин.
10. Шаардык калка ичүүгө жарактуу сууну үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн муниципалдык ишканага “Кара-Балта сууканалы” 3000,0 миң. сом, өлчөмүндө субсидия бөлүнүп берилсин.
11. №6 - тиркемеге ылайык шаардык Кеңештин аппаратына, мэриянын жана ММБнын кызматкерлерине шаардык бюджеттен кошумча төлөөлөр катарында баардыгы 9606,4 миң. сом., өлчөмүндө көрсөтүлгөн эсеп боюнча бөлүнүп берилсин.
12. 2015-жылдын 27-апрели № 258 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомуна ылайык жана жумуш ордулары туралуу протоколдук аттестациянын негизинде шаардык Кеңештин аппаратына, мэриянын жана ММБнын кызматкерлерине жумуш ордунда компьютер менен иш алпаруу суна 30 % өлчөмүндө кошумча төлөөсү бекитилсин.
13. №7 - тиркемеге ылайык 01.01.2016 – жылга бюджет боюнча эркин калган акча каражаты баардыгы 1470,6 миң. сомдон 2015-жылдын мектепке чейинки балдар мекемелердин “Тамак-аш” беренесинен чыккан кредитордук карыздарды төлөөсүнө 1225,6 миң. сом., андан тышкары Улуу ата-мекендик согуштун ардагерлер советине 245,0 миң. сом, өлчөмүндө көмөк көрсөтүү үчүн багытталсын.
14. №8 - тиркемеге ылайык 01.01.2016 – жылга атайын эсеп боюнча эркин калган 633,4 миң. сом., бюджеттик мекемелеринде колдонулсун.
15. Шаардын мэринин резервдик фонду 2601,4 миң. сом өлчөмүндө бекитилсин жана 10.09.2015-жылдын №4 Кара-Балта шаарынын Токтому менен бекитилген “Кара-Балта шаар мэринин резервдик фонд боюнча жобосу менен жыл ичинде акча каражаты бөлүп берүүгө шаар мэрине уруксат берилсин.
16. № 9 – тиркемеге ылайык шаардын жакшыланышына жана инфратүзүлүш капиталдык ондоо иштеринин өлчөмүн жана аткарыла турган иштердин тизмеси бекитилсин.
17. Муниципалдык менчиктештирүү башкармалыгына, Билим берүү финансы материалдык камсыдоо боюнча шаардык бөлүмүнө жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө товарларды сатып алууну, иштерди аткарууну, капиталдык оңдоодо жана тейлөөнү, андан тышкары менчике сатып аларда жана тамак-аш азыктарында Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуу” мыйзамынын талабына ылайык уюштурулуп аткарылсын.
18. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн штаттык саны: Билим берүү финансы материалдык камсыдоо боюнча шаардык бөлүмү 8 штаттык бирдик, “Кара-Балта” муниципалдык футбол клубу 37 штаттык бирдик жана “Манас” спорт комплекси 58 штаттык бирдик көлөмүндө макул табылсын.
19. Бюджеттик мекемелердин жетекчилерине 10 күндүк мөөнөттүн ичинде бюджет жана атайын эсеп боюнча чыгымдардын сметасын түзүү, бөлүнгөн каражаттарды багыттуу жана натыйжалуу колдонууну камсыз кылынсын. Андан тышкары муниципалдык ишкана “Кара-Балта сууканалы” берилген субсидияны скважинанын электро энергиясына төлөө үчүн талаптуу багытталсын жана ай – сайын берилген каражатка колдонулуусу жөнүндө маалымат берилсин.
20. Ушул токтомду аткаруу ишин бюджет, муниципалдык менчиктештирүү, каржы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жана Кара – Балта шаар мэриясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Алыбаев |