Загрузка документа…
ТЫЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-январы№ 1/1
Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндө
Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарын белгиленген тартипте регламентке ылайык шайлоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында көпчүлүк добушка ээ болгондугуна байланыштуу депутат Дүйшеев Жусуп Турдумамбетович Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы болуп 4 жылдык мөөнөткө шайлансын.
2. Добуш берүүнүн жыйынтыгында жеткиликтүү добуш алгандыгы үчүн депутат Жаңыбаев Эрнист Кулмамбетович Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А Касейиновко жүктөлсүн.
Төрага | Ж Молоев |