Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                            КР Президентинин         2008-жылдын 4-сентябрындагы ПЖ № 317 Жарлыгына ылайык                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ                  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН                                ЖАРЛЫГЫ 2006-жылдын 19-январы, ПЖ № 21            Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү                          компаниясы жөнүндө                                      Коомдун  таламдарына  жооп  берген  жана  өлкөнүн  калкынын  бардыккатмарларын камтыган объективдүү маалыматка жарандардын муктаждыктарынандан   ары   канааттандыруу,   мамлекеттик   телерадиоберүүнүн   ишинөркүндөтүү жана түзүмдөрүнүн санын ылайыкташтыруу максатында,  ошондойэле аны өнүктурүү боюнча соњку чараларды эске алып, токтом кылам:   1.   Кыргыз  Республикасынын  Улуттук  телерадиоберүү  корпорациясыКыргыз   Республикасынын   Мамлекеттик   телерадиоберүү   компаниясынаөзгөртүп түзүлсүн.   2. Төмөнкүлөр белгиленсин:   -  Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынынкурамына  түзүмдүк  жактан Республикалык радиотелеборбор,  Мамлекеттикреспубликалык   телекөрсөтүү   жана  радиоуктуруу,   «Кыргызтелефильм»чыгармачыл  өндүрүштүк  фирмасы, областтык  телерадиокомпаниялар  жанабашка бөлүмдөр кирет;   -  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын,анын    ичинде   областтык   телерадиокомпаниялардын   ишин   каржылообелгиленген  тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын  эсебиненжүзөгө ашырылат;   -  Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү  компаниясынабашкы  директор  жетекчилик кылат, анын эки  орунбасары  болот.  Башкыдиректорду  жана анын орунбасарларын Кыргыз Республикасынын Президентидайындайт.   3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:   -  Кыргыз  Республикасынын  Мамлекеттик  телерадиоберүү  компаниясыжөнүндө  Жобону, компаниянын түзүмү, штаттык саны жана кызматкерлеринеэмгек  акы төлөө шарттары боюнча сунуштарды бир жумалык мөөнөттө иштепчыксын жана бекитүүгө киргизсин;   -  ушул  Жарлыктан  келип  чыккан  уюштуруу,  каржылоо  жана  башкамаселелерди бир айлык мөөнөттө чечсин;   -  Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ушулЖарлыктан  келип  чыккан  өзгөртүүлөрдү  жана  толуктоолорду  киргизүүжөнүндө сунуштарды эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана киргизсин;   -  башка атамекендик телерадиокомпанияларга усулдук жардам көрсөтүүүчүн  Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясындакоомдук  кењешти  киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө  маселенииликтесин;   - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.   4.  Бул  Жарлыктын  аткарылышына контролдук  кылуу  милдети  КыргызРеспубликасыныи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.   5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.         Кыргыз Республикасынын   Президенти                                    К.Бакиев