Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-сентябры № 183/XXX-261
Кант шаарынын Котовский көчөсүн Асылбек Ишимбаев атындагы көчөсүнө өзгөртүү жөнүндө”
Шаар куруу, өндүрүш, унаа байланыш жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Ооган согушунун Ардагерлер Кеңешинин “Шурави” Коомдук бирикмесинин Кант шаарынын Котовский көчөсүн Ишимбаев Асылбек Аскаровичтин атындагы көчөсүнө өзгөртүү жөнүндөгү катын карап чыгып
Ишимбаев А. А. 01.08.1986-01.05.1988 жылдары Афганистанда чектелген контингентинин курамында советтик аскерлердин интернационалдык парзын аткарган, аскердик чалгындоо бөлүмүнүн командиринин кызматында, аскердик бөлүгүнүн 24785-талаа почтасында кызмат өтөгөн.
2002-2006 жылдары Ишимбаев Асылбек Ысык-Ата районундагы Ооган согушунун Ардагерлерлеринин “Кабул”, коомдук бирикмесин башкарган, 2006 жылдан 2015 жылга чейин Чуй облусунун Афганистан ардагерлер союзунун төрагасы болгон.
Асылбек Аскарович Ардагердик уюм кызмат учурунда ветерандык кыймылынын аскердик-патриоттук тарбия берүү жана жаш муундарга өз мекенин сүйүүгө активдүү салым кошкон.
Алган сыйлыктары:
- 1988 жылы СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун « ССРдин куралдуу күчтөрүнө 70 жыл»медалы;
- 1988 жылы СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун «Афганистан Республикасында жасаган эрдиги, интернационалдык милдетин жана аскердик кызматын аткаргандыгы үчүн» грамотасы;
- 1988 жылы СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен «Күжүрмөн эмгек сиңиргендиги үчүн» медалы;
- 1988 жылы Афганистан Республикасынын Президентинин Указына ылайык «Интернационалист жоокерлерге Афган элинен ыраазычылык» медалы;
- 2004 жылы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин «Совет аскерлеринин Афганистандан чыгарылганына 15 жыл» эстелик медалы;
- 2005 жылы Мекен алдында сиңирген эмгеги үчүн Россиялык Афган ардагерлерлер Союзунун атынан «Сиңирген эмгеги үчүн» ордени;
-2005 жылы Өкмөт башчыларынын Кеңешинин алдындагы КМШга мүчө-мамлекеттердин интернационалист-жоокерлердин иштери боюнча комитетинин чечими менен «Согуш аракетинин ардагери» медалы;
-2006 жылы Мекенинин алдында сиңирген эмгеги үчүн Россия Афган ардагерлер Союзунун атынан «Сиңирген эмгеги үчүн» ордени;
- 2006 жылы Ардагерлер уюмунун алдында сиңирген эмгеги үчүн Бүткүл Россиялык «Күжүрмөн боордоштук» ардагерлер уюмунун төрагасынан «Күжүрмөн боордоштук» медалы;
- 2010 жылы Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин «КРнын Афганистандагы согуш ардагерлер кеңешине 20 жыл» эстелик медалы;
- 2010 жылы «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын» «Ардагер» медалы;
- Кыргыз башкармасынын коомдук кыймылы Ооган согушунун жана аскердин конфликтердин ардагерлеринин Кыргыз коомдук кыймылы башкармалыгынын «Күжүрмөн боордоштук» эстелик медалы;
- Россиялык Афган ардагерлер Союзунун «Афган согуш ардагери» медалы;
- Россиялык Афган ардагерлер Союзунун «Согуш иш-аракетинин катышуучусу» медалы;
1. Котовский көчөсүнүн аталышы Асылбек Ишимбаев атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн;
2. Көчөнүн аталышын өзгөртүүгө демилге көтөргөндөр бул токтомго таянып уюштуруу жана каржы маселелерин чечишсин;
3. Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоого укук берүү башкармалыгы (М.Ч.Шамшиев) Ысык-Ата райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы (Э.Н.Мамыркулов) учеттук жана инвентаризациондук өзгөртүүлөрдү киргизсин;
4. Бул токтомдун аткарылышы Кант шаардык Кеңешинин шаар куруу, өндүрүш, унаа, байланыш жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.А.Макеев) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |