Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16 сентябры № 184/XXX-26
Кант шаарындагы Суу канал өндүрүштүк базасынын аймагын кайра жабдуудан өткөрүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө
Бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, ошондой эле “Маркетинг-Сервис” ЖЧКсынын 06.09.2016-жылдагы № 156-Кант шаарындагы Суу канал өндүрүштүк базасынын аймагын кайра жабдуудан өткорүүгө жана атайын техника жана суу эсебин алуучу шаймандар үчүн жаңы имараттын курулушуна каражат бөлүү жөнүндө катын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясынын 2016-жылдын башында бош калган бюджеттик каражатынын калдыгынын эсебинен 5,0 (беш) млн. сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышынбюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Мамралиев М.М.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |