Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VI чакырылышынын кезектүү IV сессиясы
2016-жылдын 26-октябры №II
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сатиевдин айыл-чарба багытындагы үлүш жер аянтынан алынуучу жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмотүнүнүн башчысы Б.Сатиевдин айыл-чарба багытындагы үлүш жер аянттарынын алынуучу жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүп берүү жөнундөгү кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Ача-Кайыңды айыл аймагындагы айыл-чарба багытындагы үлүш жер аянттарынан алынуучу жер салыгынын өлчөмү 1га жер үчүн 96 сом 2017-жылдын 1-январь айынан тартып 144 сом болуп көтөрүлсүн жана инфиляциялык коэфцент Ки 1,04 кошулуп эсептелинсин, жалпы сумма 150 сом болуп бекитилсин.
3. Баалуулуктардын сакталышына жоопкерчиликти тартуу жагы Ача-Кайыңды айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысына жана башкы бухгалтери Н.Барктабасовага милдеттендирилсин.
Төрага | Г.Асанова |