Редакцияот 25.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезексиз экинчи сессиясы

 

2017-жылдын 25-январы № 2-1

Депутаттардын Кеңеш айыл аймагынын кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жергиликтүү Мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 32-беренесинин 1-2-3-пункттарына ылайык депутаттардын Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Кеңеш айыл аймагынын кеңешинин тиркемеде көрсөтүлгөн туруктуу комиссиялардын саны жана курамы бекитилсин.(тиркемелер тиркелет)

2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жергиликтүү Мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 32-33-34-беренелерине жана айылдык кеңештин регламентине ылайык уюштуруу иштерин жүргүзүү туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырылсын.

 

Төрага

Абдибает уулу М