Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезексиз экинчи сессиясы
2017-жылдын 25-январы № 4-1
Кеңеш айыл аймагынын социлдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2016-жылдагы аткарылышы жана 2017-жылга карата милдеттери тууралуу
Кеңеш айыл аймагынын социлдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2016-жылдагы аткарылышы жана 2017-жылга карата милдеттери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын социлдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2016-жылдагы аткарылышы канаттандырарлык деп табылсын.
2. 2017-жылга карата кабыл алынган милдеттерди аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Н тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |