Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезексиз экинчи сессиясы
2017-жылдын 25-январы № 4-3
«Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга айылдык бюджети жана 2018-2019-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө»
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2015-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга каралган айылдык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018 -жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Кеңеш айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2017-жылга Кеңеш айыл окмотунун айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 12584,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2017-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгалашары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2017-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
3.Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.
Кирешенин болжолу 2018-жылга 12777,8 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 6863,4 мин сом менен) жана 2019-жылга 13129,3 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 7013,9 мин сом менен) белгиленсин.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.
4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.
Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын 14-беренесинин 2- пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
6.2017-жылдын 1-январына айылдык бюджетти боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 70,0 мин сом суммасында белгиленсин.
7. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу:
- Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ;
- ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө
- киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;
8. 2017-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык Кенешке ыйгарылсын.
9. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
10. Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү 12103,4 мин сомго, чыгаша бөлүгү 11786,1 мин сомго же кирешенин чыгашадан 317,3 мин сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы № 4,5 тиркемеге ылайык белгиленсин.
11. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык Кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Кудайназаровко тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |