Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезексиз экинчи сессиясы
2017-жылдын 25-январы № 4-3/1
Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин кошумча кааналарын куруудагы бүтпөй калган ремонт иштерине акча каражатын ажыратуу тууралуу
Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин кошумча кааналарын куруудагы бүтпөй калган ремонт иштерине акча каражатын ажыратуу тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 10-беренесинин 10-пунктуна жана 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 20-пунктуна таянып Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин кошумча кааналарын куруудагы бүтпөй калган ремонт иштерине жергиликтүү бюджеттен 880,0 акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын таап берүү жагы ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Матисаковко тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |