Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезексиз экинчи сессиясы
2017-жылдын 25-январы № 4-4
Кеңеш айыл айагынын жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүктөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 350.000 сомго, чыгаша бөлүгү 350.000 сомго бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Сырттан келген малдарга жайыт салыгы 250 сом деп бекитилсин жана мал жайыт пайдалануучулардан (малчылардан,койчулардан, жылкычылардан) элден алынган малдардын,койлордун жылкылардан баш санына алынган акысынын ичинен жайыт салыгын тѳлѳѳсү милдеттүү экендиги эскертилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Карыбеков Нурланга жүктөлсүн.
Төрага | Абдибает уулу М |