ТоктомКүчүндө

Кеңеш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-январындагы № 4-5 «Жеткинчек-Кеңеш» балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө «токтому

Редакция21.02.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезексиз экинчи сессиясы

 

2017-жылдын 25-январы № 4-5

Жеткинчек-Кеңеш” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө

“Жеткинчек-Кеңеш ” балдар бакчасына ата-энелердин суроо-талаптарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 10-беренесинин 7-пунктуна, 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 20-пунктуна жана 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 1-пунктуна таянып Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Жеткинчек-Кеңеш” балдар бакчасына кошумча тайпа ачууга уруксат берилсин.

2. Керектүү иш-кагаздарын даярдап, билим берүү бөлүмүнө тапшыруу жагы балдар бакчасынын башчысы Г.Ысаковага жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Матисаковко тапшырылсын.

 

Төрага

Абдибает уулу М