Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезексиз экинчи сессиясы
2017-жылдын 25-январы № 4-6
Шаңкол, Арбын, Куу-майдан айылдарындагы мончолорду жана Ак-терек айылындагы намазкана менен ФАПты айыл өкмөтүнүн балансасына алуу тууралуу
Кенеш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктерди башкаруу боюнча адиси Маткеримов Базарбайдын Шаңкол, Арбын, Куу-майдан айылдарындагы мончолорду жана Ак-терек айылындагы намазкана менен ФАПты айыл өкмөтүнүн балансасына алуу тууралуу берген сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 10-беренесинин 4-пунктуна жана 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 5-пунктуна таянып Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаңкол, Арбын, Куу-майдан айылдарындагы мончолор жана Ак-терек айылындагы намазкана менен ФАП айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
2. Муниципалдык менчикке алуу боюнча тиешелүү иш-кагаздарын даярдап, өкмөттүн балансасына алуу жагы жооптуу адис Маткеримов Базарбайга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |