Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезексиз экинчи сессиясы
2017-жылдын 25-январы № 4-8
Сопу-ата» ислам институтун уюштуруу демилгечилеринин тизмесине макулдук берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагына караштуу Шаңкол айылынын тургуну Эргешбай уулу Курсантбектин «Сопу-ата» ислам институтун уюштуруу демилгечилеринин тизмесине макулдук берүү жөнүндөгү 2017-жылдын 21-январындагы катын карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзамынын 8,10,13-беренелерине ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Шаңкол айылында «Сопу-ата» ислам институтун уюштуруучу демилгечилеринин тизмесине макулдук берүү жөнүндөгү Эргешбай уулу Курсантбектин арызы канаттандырылсын.
2.Кеңеш айыл аймагына караштуу Шаңкол айылында «Сопу-ата» ислам институтун уюштуруучу демилгечилеринин тизмесине макулдук берилсин.(тизме тиркелет)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Матисаков А тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |