Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-январы № 1-1
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү «Маданият үйүнө» Улуу композитор Абдыкалый Темировдун ысымын берүү жөнүндө
Таш-Дөбө айылаймагынын айыл өкмөтүндөгү «Маданият үйүнө» Улуу композитор Абдыкалый Темировдун атын берүү тууралуу туугандарынын атынан жазган А.Бердикеевдин арызын канаатандыруу максатында Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Бийсеевдин сунушун угуп жана талкуулап, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таш-Дөбө айылаймагынын айыл өкмөтүнүн «Маданият үйүнө» Улуу композитор Абдыкалый Темировдун аты берилсин.
2. Композитордун тууганы А.Бердикеевге, клубду музыкалык аспаптар менен толуктап жана жылына утурумдук ремонттон өткөрүп туруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин
. 4. Ушул токтомдун аткарылышы Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К. Бийсеевке жүктөлсүн.
Төрага | Сейдикалыкова Ж. |