Загрузка документа…
ЛАМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-декабры № 18
Жумгал айыл аймагынын Лама айылында «Нур-Жаз» бала бакчасына филалы ачылгандыгына байланыштуу өзүнчө «Лама» бала бакчасына которуу жөнүндө
Жумгал айыл аймагында «Нур-Жаз» бала бакчасынын филалы болуп ачылгандыктан, Лама элинин жана бала бакчанын жамаатынын кайрылуусунун нгеизинде , толук кандуу бюджетке киргизилгенден кийин, өзүнчө имараты болгондуктан , керектүү эмеректер (башка буюмдары, идиш-аяктары, стол-стулдары, кир жуугуч машина ж.б) кышкы жылуулук менен камсыз болгодугуна байланыштуу өзүнчө «Лама» бала –бакча кылып берүү жагын жумгал айылдык Кеңешинин депутаттары Т.Карымшаков, М.Алымбековдор чыгып сүйлөп, алардын сөзүн жалпы депутаттар угуп, талкуулап Жумгал айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лама айылындагы бала-бакча «Нур-Жаз» бала бакчасынын филалы болуп келгендиктен «Лама» бала бакчасы бөлүп өзүнчө бөлүнсүн. .
2. «Лама» бала-бакчасынын имараты, жер аянты керектуу эмеректери, ашкана буюмдары, кышкы жылуулук жана ошондой эле толук кандуу бюджетке өткөндүгүнө байланыштуу, кызматкерлердин штаттык саны, тарификациядан өтүү , айлык маяналары Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. «Лама» бала-бакчасынын тамак-ашы ар кандай (жолунун,көмүр отунун, командировочный) чыгымдарын төлөп берүү жагы Жумгал айыл аймагынын ФЭБ нун башчысы Ш. Карагуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы Болоталиев Узак Сталбековичке жана Лама айыл башчысы Исаков Майрамбек Мусаевичке милдеттендирилсин.
Төрага | С.Санташов |