Загрузка документа…
СҮЙМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2016-жылдын 28- июну № I-2
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2016-жылга карата 2015-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатын сарптоо боюнча 2016-жылдын 22-февралындагы Сүйүмбаев айылдык Кеңештин кезектеги I сессиясынын № 1-2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2016-жылга карата 388752,88 сом калдык акча каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мойноковдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Таш-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Чалаказак уулу Качкынбектин сунушун эске алуу менен,Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдык эсебиндеги 1-январь 2016-жылга карата 388752,88 сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарда пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
· АРИС аркылуу «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү- I» долбоорунун алкагында Таш-Дөбө айылынын «Бозала-Таш» участкасына курулуучу ветеринардык клиникага өздүк салым үчүн 300 000 миң сом;
· Таш-Дөбө айылынын тургуну Г.Балтакуновага, Таш-Дөбө айылындагы бала бакчасына учурдагы чарбалык максаттары үчүн предметтерди жана материалдарды дагы башка сатып алууларды алуу үчүн 30 000 сом;
· Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн карамагына, кеңсеге эмеректерди камсыз кылууларын жана шаймандарды сатып алууга 58752,88 миң сом;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мойноковдон суралсын.
Төрага | Мусаев |