Загрузка документа…
КУНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын III-сессиясы
2017-жылдын 4-марты № 3/3
Күнтуу айыл аймагындагы жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн операторлордун айлык акысын жана ветеринардык врачтардын кызмат акысынын өлчөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» -жөнүндө мыйзамынын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагы боюнча ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн операторлордун айлык акысынын жана ветеринардык врачтардын кызмат акысынын өлчөмү, идентификациялоодон өткөрүлгөн ар бир мал башына 30 сом өлчөмүндө бектилсин;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл кеңешинин Айыл чарба, жер жана аграрадык саясат, экология, айлана-чөйрөнү коргоо,өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын;
3. Бул токтом www. Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Астаркулов |