Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-апрели № 13
Бишкек шаарынын 2017-жылга бюджетин бекитүү жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 3-октябрындагы № 29, 2018-жылдын 19-мартындагы № 59 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын 2017-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 9026211,0 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде:
5413896,3 миң сом - шаардык бюджет;
936840,1 миң сом - Ленин администрациялык районунун бюджети;
895781,2 миң сом - Октябрь администрациялык районунун бюджети;
825531,1 миң сом - Биринчи май администрациялык районунун бюджети;
954162,3 миң сом - Свердлов администрациялык районунун бюджети.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 3-октябрындагы № 29 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бишкек шаарынын 2018-2019-жылдарга бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын:
1) кирешелер жана чыгашалар боюнча 2018-жылга болжол - 9060616,1 миң сом суммасында, 2019-жылга - 9582348,3 миң сом суммасында;
2) шаардын бюджетинин 2018-2019-жылдарга жактырылган болжолдук параметрлери ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда такталууга тийиш.
3. Бишкек шаарынын 2017-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү жана 2018-2019-жылдарга карата болжолу 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелерине ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
4. Шаардын 2017-жылга бюджетинин жана 2018-2019-жылдарга болжолунун чыгашаларын каржылоого карата каражаттар 2, 2-1-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
5. 2017-жылга карата чыгашаларды каржылоо накталай алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мында, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (айлык акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна төгүмдөр, медикаменттер, тамактандыруу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул, стипендиялар) чыгашаларды каржылоо жүргүзүлөт.
Бюджеттик мекемелерде бош кызмат орундарынын пайда болушу, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актыларды кабыл алынуусу менен байланышкан корголгон статьяларга каралган суммалардын азайтылышына жол берилет;
Каражаттын чыгымдалышы жана чыгаша статьяларынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.
6. 2016-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган чыгашалар 2017-жылга карата бюджетте каралган ассигнованиелердин эсебинен жана анын чегинде гана компенсациялана тургандыгы белгиленсин.
7. Бишкек шаары боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2017-жылдын 1-январына карата 600,0 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде шаардык бюджет боюнча 200,0 миң сом жана райондук бюджеттер боюнча 100,0 миң сомдон бекитилсин.
8. 2017-жылга карата пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн төмөндөгүдөй ченеми бекитилсин:
1) салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы, роялти, сатык салыгы:
- Ленин администрациялык районуна - 43,6%;
- Октябрь администрациялык районуна - 50,0%;
- Биринчи май администрациялык районуна - 21,1%;
- Свердлов администрациялык районуна - 45,5%;
2) чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык, патенттин негизиндеги салык, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө салык, жер салыгы, таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдар боюнча:
- Ленин администрациялык районуна - 43,6%;
- Октябрь администрациялык районуна - 52,9%;
- Биринчи май администрациялык районуна - 21,1%;
- Свердлов администрациялык районуна - 45,5%;
3) ар кандай салыктар жана жыйымдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан салынган жаза пулдар, жерди жана мүлктү ижаралоо үчүн төлөмдөр, Бишкек шаарынын ЭЭАсынан түшкөн салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр - 100% шаардык бюджетке.
9. Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттардын сметаларында бекитилген суммасынан ашык түшкөн кирешелери толук бойдон тиешелүү бюджеттин кирешесине алынат.
10. Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казыначылык тутумунан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100% тиешелүү бюджеттин кирешесине алынат.
11. Бюджеттик уюмдар жана муниципалдык ишканалар тарабынан максаттуу эмес пайдаланылган Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алууга жатат.
12. Ушул токтом менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү зарылчылыгы болсо, ага тиешелүү оңдоолорду киргизүү кабыл алынгыча Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу боюнча бюджеттик параметрлерди өзгөртүүнү жүргүзсүн.
13. Бишкек шаарынын бюджетинен каржыланган мекемелер үчүн 2017-жылга карата төмөндөгүлөр белгиленсин:
1) жалпы билим берүү мектептеринин чарба башчыларына ай сайын айлык акыларына окуучулардын санына жараша 1 штаттык бирдикке 2800 сомго чейинки үстөк акы (100 окуучуга чейин - 450 сом, 100дөн 600гө чейин - 1000 сом, 600дөн 1200гө чейин - 1600 сом, 1200дөн 1800гө чейин - 2200 сом, 1800дөн жогору - 2800 сом);
2) балдар музыкалык мектебинин жаш адистерине ай сайын 500 сом үстөк акы;
3) карылар үйүнүн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунун, "Коломто" муниципалдык мекемесинин жана "Ардагер" шаардык геронтологиялык борборунун, Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборунун кызматкерлерине ай сайын 1 кызматкерге 1650 сом эсебинде айлык акысына үстөк акы;
4) Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлерине ай сайын айлык акыларына 1 кызматкерге 2000 сом эсебинде үстөк акы;
5) Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын үйлөмө аспап, симфониялык оркестрлеринин, элдик аспаптар оркестринин, "Семетей", "Доор", "Сувенир" ансамблдеринин, "Кыргыз руху" фольклордук ансамблинин жана "Акак" комузчулар ансамблинин кызматкерлерине, Бишкек шаардык драмалык театрынын негизги жана инженердик-техникалык персоналына ай сайын айлык акыларына 1 кызматкерге 2500 сом эсебинде үстөк акы;
6) билим берүү жана маданият уюмдарынын борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлерине айлык акыларына ай сайын 3000 сомдон үстөк акы;
7) шаардык маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине ай сайын айлык акыларына төмөндөгүдөй үстөк акы:
мэриянын, шаардык кеңештин жетекчилерине 1000 сомдон;
жергиликтүү бюджеттин эсебинен күтүлүүчү Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо боюнча бөлүмүнүн начальнигинин орун басарына жана кызматкерлерине, Бишкек шаардык мамлекеттик архивдин, Материалдарды сактоо кызматынын кызматкерлерине 2000 сомдон;
шаардык бюджеттен каржыланган түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жана кызматкерлерине, мэриянын, шаардык кеңештин башка кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлерине жана башкаруу органдарын тейлеген айдоочуларга 4000 сомдон;
муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлерине 3000 сомдон.
8) райондук маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине ай сайын айлык акыларына төмөндөгүдөй үстөк акы:
администрациялык райондордун жетекчилерине 1000 сомдон;
райондук билим берүү борборлорунун, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын, финансы органдарынын жана муниципалдык администрациялардын аппаратынын кызматкерлерине 3000 сомдон;
МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине 1500 сомдон;
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күтүлүүчү Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыктарынын (мындан ары - МСКБ) начальниктеринин орун басарларына 1500 сомдон;
9) райондук аскер комиссариаттарынын кенже тейлөөчү, техникалык жана аскердик-учеттук персоналдарына ай сайын айлык акыларына 500 сомдон үстөк акы;
10) билим берүү, социалдык коргоо, маданият, спорт уюмдарынын башка кызматкерлерине ай сайын айлык акыларына 1 кызматкерге 1000 сом эсебинде үстөк акы;
11) саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине ай сайын айлык акыларына төмөндөгүдөй үстөк акы:
дарыгерлерге, орто жана башка персоналга бир ставкага 1000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1000 сомдон ашык эмес суммада;
кенже медициналык персоналга бир ставкага 1500 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1500 сомдон ашык эмес суммада;
медициналык тез жардам станциясынын сутка бою иштеген оперативдүү бөлүмүнүн кызматкерлерине, чакырууга чыгуу бригадасынын фельдшерлерине жана санитарларына 1 кызматкерге 2500 сом эсебинде;
кечиктирилгис тез жардам көрсөтүү кызматынын дарыгерлерине жана педиатр-дарыгерлерине, дарыгер-неонатологдорго, дарыгер-реаниматологдорго, дарыгер-анестезиологдорго, дарыгер-комбустиологдорго 1 кызматкерге 4000 сом эсебинде;
12) Билим берүү башкармалыгынын медициналык-педагогдук комиссияларынын методисттерине ай сайын айлык акыларына 1 кызматкерге 1500 сом эсебинде үстөк акы;
13) медициналык тез жардам автомашиналарынын айдоочуларына ай сайын айлык акыларына 1 кызматкерге 2000 сом эсебинде үстөк акы.
14. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен тамактандырууга карата төмөндөгү ченемдер белгиленсин:
1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:
3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 29,00 сом,
3төн 7 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 30,00 сом;
2) акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында - 57,00 сом;
3) кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчада - 95,00 сом;
4) жалпы билим берүү уюмдарында 5-7-класстардагы жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары үчүн - 14,00 сом;
5) жалпы билим берүү уюмдарында 1-4-класстардын балдары үчүн - 14,00 сом;
6) акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн жалпы билим берүү мектептеринде - 28,00 сом;
7) Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, Кароосуз балдарды реабилитациялоо борборунда, "Айданек" жашы жете элек балдарды реинтеграциалоо борборунда, Октябрь районунун № 71 орто мектеп интернатындагы интернаттык топтордо жана № 1 гимназия - интернатында - 110,00 сом;
8) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда - 60,00 сом;
9) жатып калган оорулардын ысык тамагына - 60 сом;
10) белгилүү жашаган жери жок адамдарды тамактандырууга - 35,00 сом;
11) мектеп алдындагы лагерлердеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын тамактандырууга - 44,00 сом.
15. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө медикаменттерге төмөнкү ченемдер белгиленсин:
1) Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунда, "Айданек" жашы жете элек балдарды реинтеграциалоо борборунда 12,80 сомго чейин;
2) мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда 0,55 сомго чейин;
3) туруктуу жашаган орду жок адамдар үчүн 12,50 сомго чейин.
16. 2017-жылга карата жарандардын турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө карата өздүк чыгымынын чектүү жол берилген үлүшү 10% өлчөмүндө белгиленсин.
17. 2017-жылга карата төмөндөгү чыгашалар бекитилсин:
1) 20 саатка чейин жумалык жүктөмү менен орус тилдүү мектепке чейинки балдар уюмдарында кыргыз тил мугалимин жана кыргыз тилдүү мектепке чейинки балдар уюмдарында орус тил мугалимин күтүүгө;
2) жалпы билим берүү уюмдарында аскерге чакырууга чейин даярдык боюнча жетекчинин бир ставкасын күтүүгө;
3) медициналык тез жардам станциясында "медициналык кызматкердин депозитине" карата 40,0 штаттык бирдикке бир дарыгерге айына 6000 сом эсебинде жана үч жыл иштеп бүткөндүгү боюнча бир орто медициналык кызматкерге ай сайын 5000 сом;
4) Биринчи май районунун "Коломто" муниципалдык мекемесин күтүүгө;
5) Ленин, Октябрь администрациялык райондору боюнча 2 кечки жалпы билим берүү мектебин жана Свердлов администрациялык районунун № 35 жана 94 жалпы билим берүүчү мектептеринин алдында кечки класстарды күтүүгө;
6) SOS - Герман Гмайнер орто мектебинин, Бишкек шаарынын балдар айылы SOS - бала бакчасынын чыгымдарын төлөөгө;
7) менчик - мамлекеттик еврей мектебинин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгымдарын төлөөгө;
8) "Сезим" кризистик борборунун, "Оберег" реабилитациалык борборунун, "Бириккен-Кол" аутист балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин, "Биринчи балдар хосписи" коомдук кайрымдуулук фондусунун коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгымдарын төлөөгө;
9) Бишкек шаарынын согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана оорукта эмгектенгендердин ардагерлер кеңешинин чыгымдарын төлөөгө;
10) зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборун күтүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген билим берүү мекемелеринин типтүү штаттарында каралбаган, 3-тиркемеге ылайык 570,0 штаттык бирдик санындагы кызмат орундарын күтүүгө;
12) аскерге чакырылуучуларды анык аскердик кызматка чакыруу жана жөнөтүү мезгилинде Республикалык топтоо пунктунун ишин камсыздоого;
13) Бишкек шаарын жана жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө, ошондой эле шаардык жана аймактык маанидеги обьекттерди (социалдык, коомдук, коммуналдык, инженердик инфраструктарлар, тургундардын жалпы үлүштүк менчиктерин) түзүүгө, өнүктүрүүгө, калыбына келтирүүгө жана реабилитациялоого жана жергиликтүү коомчулуктун өз алдынча башкаруусунун ар түрдүү формаларын өнүктүрүүгө, алардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга жана коммуналдык жана башка жашоо тиричилик маселелерин өз алдынча чечүүгө жөндөмдүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды берүүгө;
14) "Мурас-Ордо" конушунун балдарын Аламүдүн районунун Степное айылынын "Келечек" мектебине ташууну уюштурууга;
15) Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде "Жаш мугалим депозити" программасын ишке ашырууга;
16) Октябрь администрациялык районунун № 34 атайын көмөкчү мектебиндеги акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн узартылган күн топторуна тарбиячылардын 5,0 ставкасын күтүүгө;
17) карыздарын төлөөгө жана милдеттемелерин аткарууга карата шаардык бюджеттен Бишкек шаарынын администрациялык райондоруна өткөрүп берилүүчү каражаттар боюнча;
18) балансында кезметтик (кызматтык) автомашиналары жок муниципалдык аймактык башкармалыктарга айына 100 литрден бензин алууга;
19) Райондук МСКБнын начальниктеринин орун басарларын, райондук МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн 60,0 штаттык бирдигин, Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча МСКБнын начальнигинин орун басарын жана Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ИСТК МСКБнын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо боюнча бөлүмүнүн 5,0 штаттык бирдигин күтүүгө.
18. Кварталдык, үй комитеттеринин, аксакалдар сотторунун төрагалары, үй алдындагы аймакты тазалоочулар жана ирригация тармактарынын мураб-техниктери үчүн келишимдик негизде № 4 тиркемеге ылайык акы төлөө белгиленсин.
19. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө келишимдик негизде квартал сайын 250 сомдон акы төлөө белгиленсин.
20. "Алга-Бишкек футбол клубу" муниципалдык мекемесинин футболчуларына ай сайын 10000 сом өлчөмүндө стипендия белгиленсин.
21. Кызматкерлерге иштеген жылдары үчүн үстөк акы эсептөөдө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитилген кошумча акылар эсепке алынбастыгы белгиленсин.
22. 2016-жыл үчүн чыгашалардан кирешелерди ашыруунун эсебинен 104666,4 миң сом суммасындагы чыгымдарды 5-тиркемеге ылайык багыттоого уруксат берилсин.
23. Бюджеттик мекемелердин жылдын башталышына карата атайын каражаттарынын калдыгын чыгашаларга багыттоо 6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
24. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, аппараттардын, өз алдынча бөлүмдөрдүн жана башка мекемелердин кызматкерлерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен сыйлык акы берүү жана кызматтык эмгек акыларын жана аларга үстөк акыларды белгилөө укугу Бишкек шаарынын мэринде сакталсын.
25. Бишкек шаарынын мэриясы:
1) Бишкек шаарынын бюджетине кошумча каражаттарды тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 618 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, иштетүү жана жокко чыгаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну зарылчылыкка жараша жүргүзүүгө уруксат берсин;
2) Ленин жана Октябрь администрациялык райондордун бюджеттеринин чектеринде № 5 МАБынын имаратын капиталдык ремонттоого жана Октябрь администрациялык районунун социалдык өнүгүү башкармалыгына эмерек сатып алууга 150,0 миң сомдон каражат багыттоого уруксат берсин;
3) Бишкек шаарынын бюджетин аткаруу процессинде газга акы төлөө үчүн субсидияга "Бишкекжылуулукэнерго" КИсине 64000,0 миң сом суммада акча каражат тапсын жана бөлүп берсин;
4) бильярд спорту боюнча ОРБӨАСМгачыгымдар сметасынын чектеринде жайларды ижаралоого 1900,0 миң сом суммада акча каражатын которууну жүргүзүүгө уруксат берсин;
5) Элебесов жана Витебская көчөлөрүнүн кесилишине, Бакаев жана Грибоедов көчөлөрүнүн кесилишине жолчырактарды орнотууга каражат тапсын;
6) мугалимдерге үстөк акыны 1000 сомдон 1500 сомго чейин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн карап чыксын;
7) "Кыргызстан балдары" окуучулар чыгармачылыгы шаардык борбору үчүн "Манас" кинотеатрынын имаратын же башка имарат берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыксын;
8) 2018-жылдан тартып республикалык бюджеттин эсебинен билим берүү мекемелерин каржылоону которуу жөнүндө маселени демилгелесин;
9) трактор сатып алуу жана Бишкек шаарынын Биринчи май администрациялык районуна дренаждык иштерди жүргүзүү үчүн 8500,0 миң сом бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап чыксын;
10) муниципалдык ишканалардын өндүрүштүк программаларын администрациялык райондордун башчылары менен макулдашууну камсыз кылсын;
11) көкмайсандарды жана бак тосмолорду кыркуу боюнча функцияларды "Тазалык" муниципалдык ишканасынан "Жашыл курулуш" муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө маселени карап чыксын;
12) КТТ тутумун жакшыртуу долбоорун ишке ашыруу тобунун айлык акысын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-апрелиндеги № 562 "Эл аралык каржы уюмдар жана донор-мамлекеттер тарабынан каржыланган долбоорлорду (насыялар жана гранттар) даярдоо жана ишке ашырууга тартылган кызматчылардын эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна ылайык келтирсин;
13) Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы үчүн автоматташтырылган маалымат тутумун орнотууга каражат тапсын;
14) Гроздь айылындагы шаардык көрүстөнгө кирүү жолдун (2 км) ремонтун жүргүзүүгө каражат багыттоого уруксат берсин.
26. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
27. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы К.Б.Музуралиевге жана Бишкек шаарынын мэри А.С.Ибраимовго жүктөлсүн.
Төрагасы |
| К. Музуралиев |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 13 токтомуна 1-тиркеме |
Бишкек шаарынын 2017-жылга бюджетинин КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 19-мартындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
(миң сом)
№ к/к | Кирешелердин аталышы | Бардыгы | Шаардык бюджет | Ленин району | Октябрь району | Биринчи май району | Свердлов району |
1 | Салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы | 2245500,0 | 687719,5 | 417910,7 | 417091,7 | 420371,7 | 302406,4 |
2 | Чакан ишкердиктин субъектилери үчүн бирдиктүү салык | 182334,4 | 109892,8 | 19521,8 | 24145,8 | 11283,0 | 17491,0 |
3 | Патент негизиндеги салык | 1514615,0 | 878721,9 | 96714,7 | 130723,6 | 58222,8 | 350232,0 |
4 | Кыймылсыз мүлккө салык | 467385,0 | 280931,1 | 46831,1 | 55692,6 | 27323,7 | 56606,5 |
5 | Кыймылдуу мүлккө салык | 312360,0 | 184484,8 | 45111,6 | 35493,5 | 14707,6 | 32562,5 |
6 | Короо жайларды жана бакча-чарбак жер участкаларын пайдалангандык үчүн жер салыгы | 44550,0 | 26514,1 | 8583,1 | 3232,2 | 1999,8 | 4220,8 |
7 | Калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы | 142900,0 | 83991,9 | 14106,6 | 17219,6 | 6801,5 | 20780,4 |
8 | Сатуудан салык | 1148700,0 | 370333,8 | 238697,8 | 179795,4 | 232126,8 | 127746,2 |
9 | Роялти | 14500,0 | 103,1 | 147,9 | 14152,5 | 56,5 | 40,0 |
10 | Жер ижарасы үчүн акы | 440000,0 | 440000,0 |
|
|
|
|
11 | Мүлк ижарасы үчүн акы | 160000,0 | 160000,0 |
|
|
|
|
12 | Таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйым | 26600,0 | 16716,2 | 2883,0 | 2515,1 | 2062,2 | 2423,5 |
Кирешелердин бардыгы | 6699444,4 | 3239409,2 | 890508,3 | 880062,0 | 774955,6 | 914509,3 | |
13 | Атайын каражаттар | 218753,6 | 59626,3 | 38976,7 | 42187,9 | 43694,4 | 34268,3 |
14 | Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер | 2126909,5 | 2106076,7 | 5905,7 | 4527,7 | 5113,6 | 5285,8 |
15 | Өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар | - | 5922,9 | 6228,7 | -25607,9 | 7965,0 | 5491,3 |
Бишкек шаары боюнча бардыгы | 9045107,5 | 5411035,1 | 941619,4 | 901169,7 | 831728,6 | 959554,7 |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 13 токтомуна 1-1-тиркеме |
Бишкек шаарынын 2017-2019-жылдарга бюджетинин КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 19-мартындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
(миң сом)
№ к/к | Кирешелердин аталышы | 2017- жылга | 2018-жылга болжол | 2019-жылга болжол |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1 | Салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы | 2245500,0 | 4391000,0 | 4742280,0 |
2 | Чакан ишкердиктин субъектилери үчүн бирдиктүү салык | 182334,4 | 182334,4 | 182334,4 |
3 | Патент негизиндеги салык | 1514615,0 | 1514615,0 | 1611550,4 |
4 | Кыймылсыз мүлккө салык | 467385,0 | 467385,0 | 467385,0 |
5 | Кыймылдуу мүлккө салык | 312360,0 | 312360,0 | 312360,0 |
6 | Короо жайларды жана бакча-чарбак жер участкаларын пайдалангандык үчүн жер салыгы | 44550,0 | 44550,0 | 44550,0 |
7 | Калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы | 142900,0 | 142900,0 | 142900,0 |
8 | Сатуудан салык | 1148700,0 | 1148700,0 | 1222216,8 |
9 | Роялти | 14500,0 | 14500,0 | 14500,0 |
10 | Жер ижарасы үчүн акы | 440000,0 | 440000,0 | 440000,0 |
11 | Мүлк ижарасы үчүн акы | 160000,0 | 160000,0 | 160000,0 |
12 | Таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйым | 26600,0 | 26600,0 | 26600,0 |
Кирешелердин бардыгы | 6699444,4 | 8844944,4 | 9366676,6 | |
13 | Атайын каражаттар | 218753,6 | 215671,7 | 215671,7 |
14 | Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер | 2126909,5 |
|
|
15 | Өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар | |||
Бишкек шаары боюнча бардыгы | 9045107,5 | 9060616,1 | 9582348,3 |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 13 токтомуна 1-2-тиркеме |
Бишкек шаарынын 2017-жылга бюджетинин КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 19-мартындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
(миң сом) | |||||||||||||||||
№ к/к | Кирешелердин аталышы | 2017-жылга | Ленин району | Октябрь району | Биринчи май району | Свердлов району | |||||||||||
Бардыгы | МСКБ | МСК ИСТКБ | МСК ЭЭА | Бардыгы | МСКБ | МСК ИСТКБ | Бардыгы | МСКБ | МСК ИСТКБ | Бардыгы | МСКБ | МСК ИСТКБ | Бардыгы | МСКБ | МСК ИСТКБ | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 |
1 | Салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы | 2245500,0 | 1377119,5 | 847683,9 | 20696,6 | 479255,5 | 284684,0 | 194571,5 | 417091,7 | 264625,5 | 152466,2 | 996141,5 | 620919,5 | 375222,0 | 332314,7 | 206890,5 | 125424,2 |
2 | Чакан ишкердиктин субъектилери үчүн бирдиктүү салык | 182334,4 | 182334,4 |
|
| 44774,7 | 44774,7 |
| 45644,2 | 45644,2 |
| 53473,7 | 53473,7 |
| 38441,8 | 38441,8 |
|
3 | Патент негизиндеги салык | 1514615,0 | 1514615,0 |
|
| 221822,6 | 221822,6 |
| 247114,5 | 247114,5 |
| 275937,1 | 275937,1 |
| 769740,8 | 769740,8 |
|
4 | Кыймылсыз мүлккө салык | 467385,0 | 380565,8 | 86030,4 | 788,8 | 107410,7 | 85168,3 | 22242,4 | 105279,1 | 96289,5 | 8989,6 | 129496,7 | 100897,2 | 28599,5 | 124409,7 | 98210,8 | 26198,9 |
5 | Кыймылдуу мүлккө салык | 312360,0 | 277039,0 | 34793,5 | 527,5 | 103466,9 | 75066,5 | 28400,4 | 67095,5 | 64967,5 | 2128,0 | 69704,2 | 67031,7 | 2672,5 | 71565,9 | 69973,3 | 1592,6 |
6 | Короо жайларды жана бакча-чарбак жер участкаларын пайдалангандык үчүн жер салыгы | 44550,0 | 44550,0 |
|
| 19685,9 | 19685,9 |
| 6110,0 | 6110,0 |
| 9477,6 | 9477,6 |
| 9276,5 | 9276,5 |
|
7 | Калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы | 142900,0 | 112007,1 | 30804,1 | 88,8 | 32354,6 | 21815,2 | 10539,4 | 32551,2 | 28807,7 | 3743,5 | 32234,2 | 21610,7 | 10623,5 | 45671,2 | 39773,5 | 5897,7 |
8 | Сатуудан салык | 1148700,0 | 488171,7 | 655803,6 | 4724,7 | 273736,0 | 158875,8 | 114860,2 | 179795,4 | 118109,2 | 61686,2 | 550063,5 | 113967,6 | 436095,9 | 140380,4 | 97219,1 | 43161,3 |
9 | Роялти | 14500,0 | 235,0 | 14265,0 |
| 169,6 | 14,9 | 154,7 | 14152,5 | 42,2 | 14110,3 | 133,9 | 133,9 |
| 44,0 | 44,0 |
|
10 | Жер ижарасы үчүн акы | 440000,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
11 | Мүлк ижарасы үчүн акы | 160000,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
12 | Таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйым | 26600,0 | 21644,4 | 4822,2 | 133,4 | 6612,4 | 4872,4 | 1740,0 | 4754,5 | 3898,3 | 856,2 | 9773,3 | 8699,9 | 1073,4 | 5326,4 | 4173,8 | 1152,6 |
Кирешелердин бардыгы | 6699444,4 | 4398281,9 | 1674202,7 | 26959,8 | 1289288,9 | 916780,3 | 372508,6 | 1119588,6 | 875608,6 | 243980,0 | 2126435,7 | 1272148,9 | 854286,8 | 1537171,4 | 1333744,1 | 203427,3 | |
13 | Атайын каражаттар | 218753,6 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
14 | Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер | 2126909,5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бишкек шаары боюнча бардыгы | 9045107,5 | 4398281,9 | 1674202,7 | 26959,8 | 1289288,9 | 916780,3 | 372508,6 | 1119588,6 | 875608,6 | 243980,0 | 2126435,7 | 1272148,9 | 854286,8 | 1537171,4 | 1333744,1 | 203427,3 | |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 13 токтомуна 1-3-тиркеме |
Бишкек шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ. Контингент
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 19-мартындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
(миң сом) | |||||||||||||||||
№ к/к | Кирешелердин аталышы | 2017-жылга | Ленин району | Октябрь району | Биринчи май району | Свердлов району | |||||||||||
Бардыгы | МСКБ | МСК ИСТКБ | МСК ЭЭА | Бардыгы | МСКБ | МСК ИСТКБ | Бардыгы | МСКБ | МСК ИСТКБ | Бардыгы | МСКБ | МСК ИСТКБ | Бардыгы | МСКБ | МСК ИСТКБ | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 |
1 | Салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы | 4491000,0 | 2754239,0 | 1695367,8 | 41393,2 | 958511,0 | 569368,0 | 389143,0 | 834183,4 | 529251,0 | 304932,4 | 1992283,0 | 1241839,0 | 750444,0 | 664629,4 | 413781,0 | 250848,4 |
2 | Чакан ишкердиктин субъектилери үчүн бирдиктүү салык | 182334,4 | 182334,4 |
|
| 44774,7 | 44774,7 |
| 45644,2 | 45644,2 |
| 53473,7 | 53473,7 |
| 38441,8 | 38441,8 |
|
3 | Патент негизиндеги салык | 1514615,0 | 1514615,0 |
|
| 221822,6 | 221822,6 |
| 247114,5 | 247114,5 |
| 275937,1 | 275937,1 |
| 769740,8 | 769740,8 |
|
4 | Кыймылсыз мүлккө салык | 467385,0 | 380565,8 | 86030,4 | 788,8 | 107410,7 | 85168,3 | 22242,4 | 105279,1 | 96289,5 | 8989,6 | 129496,7 | 100897,2 | 28599,5 | 124409,7 | 98210,8 | 26198,9 |
5 | Кыймылдуу мүлккө салык | 312360,0 | 277039,0 | 34793,5 | 527,5 | 103466,9 | 75066,5 | 28400,4 | 67095,5 | 64967,5 | 2128,0 | 69704,2 | 67031,7 | 2672,5 | 71565,9 | 69973,3 | 1592,6 |
6 | Короо жайларды жана бакча-чарбак жер участкаларын пайдалангандык үчүн жер салыгы | 44550,0 | 44550,0 |
|
| 19685,9 | 19685,9 |
| 6110,0 | 6110,0 |
| 9477,6 | 9477,6 |
| 9276,5 | 9276,5 |
|
7 | Калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы | 142900,0 | 112007,1 | 30804,1 | 88,8 | 32354,6 | 21815,2 | 10539,4 | 32551,2 | 28807,7 | 3743,5 | 32234,2 | 21610,7 | 10623,5 | 45671,2 | 39773,5 | 5897,7 |
8 | Сатуудан салык | 2297400,0 | 976343,4 | 1311607,2 | 9449,4 | 547472,0 | 317751,6 | 229720,4 | 359590,8 | 236218,4 | 123372,4 | 1100127,0 | 227935,2 | 872191,8 | 280760,8 | 194438,2 | 86322,6 |
9 | Роялти | 29000,0 | 470,0 | 28530,0 |
| 339,2 | 29,8 | 309,4 | 28305,0 | 84,4 | 28220,6 | 267,8 | 267,8 |
| 88,0 | 88,0 |
|
10 | Жер ижарасы үчүн акы | 440000,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
11 | Мүлк ижарасы үчүн акы | 160000,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
12 | Таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйым | 26600,0 | 21644,4 | 4822,2 | 133,4 | 6612,4 | 4872,4 | 1740,0 | 4754,5 | 3898,3 | 856,2 | 9773,3 | 8699,9 | 1073,4 | 5326,4 | 4173,8 | 1152,6 |
Кирешелердин бардыгы | 10108144,4 | 6263808,1 | 3191955,2 | 52381,1 | 2042450,0 | 1360355,0 | 682095,0 | 1730628,2 | 1258385,5 | 472242,7 | 3672774,6 | 2007169,9 | 1665604,7 | 2009910,5 | 1637897,7 | 372012,8 | |
13 | Атайын каражаттар | 218753,6 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
14 | Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер | 2126909,5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бишкек шаары боюнча бардыгы | 12453807,5 | 6263808,1 | 3191955,2 | 52381,1 | 2042450,0 | 1360355,0 | 682095,0 | 1730628,2 | 1258385,5 | 472242,7 | 3672774,6 | 2007169,9 | 1665604,7 | 2009910,5 | 1637897,7 | 372012,8 | |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 13 токтомуна 2-тиркеме |
Бишкек шаарынын 2017-жылга бюджетинин ЧЫГАША БӨЛҮГҮ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 19-мартындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
(миң сом) | |||||||||||||||||||
№ к/к | Бардыгы | анын ичинде | |||||||||||||||||
анын ичинде | шаардык | анын ичинде | Ленин | анын ичинде | Октябрь | анын ичинде | Биринчи май | анын ичинде | Свердлов | анын ичинде | |||||||||
бюджет | атайын каражаттар | бюджет | бюджет | атайын каражаттар | району | бюджет | атайын каражаттар | району | бюджет | атайын каражаттар | району | бюджет | атайын каражаттар | району | бюджет | атайын каражаттар | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | ||||||||||||
Бишкек шаары боюнча БАРДЫГЫ: | 9045107,5 | 8826353,9 | 218753,6 | 5411035,1 | 5351408,8 | 59626,3 | 941619,4 | 902642,7 | 38976,7 | 901169,7 | 42187,9 | 831728,6 | 788034,2 | 43694,4 | 43694,4 | 959554,7 | 925286,4 | 34268,3 | |
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | 531438,7 | 531438,7 | - | 368740,4 | 368740,4 | - | 40071,9 | 40071,9 | 43057,7 | 43057,7 | 37177,1 | 37177,1 | 42391,6 | 42391,6 | ||||
Резервдик фонд | 71200,0 | 71200,0 | 47200,0 | 47200,0 | 6000,0 | 6000,0 | 6000,0 | 6000,0 | 6000,0 | 6000,0 | 6000,0 | 6000,0 | |||||||
702 | Коргоо | 15031,8 | 15031,8 | 5061,1 | 5061,1 | 2695,8 | 2695,8 | 2397,2 | 2397,2 | 1938,6 | 1938,6 | 2939,1 | 2939,1 | ||||||
703 | Коомдук тартип жана коопсуздук | 35275,0 | 35275,0 | 35125,0 | 35125,0 | 150,0 | 150,0 | ||||||||||||
704 | Экономикалык маселелер | 391255,2 | 391255,2 | 389375,2 | 389375,2 | 1880,0 | 1880,0 | ||||||||||||
анын ичинде: | |||||||||||||||||||
* | Транспорт | 363849,2 | 363849,2 | 363849,2 | 363849,2 | ||||||||||||||
705 | Айлана чөйрөнү коргоо | 300,0 | 300,0 | 300,0 | 300,0 | ||||||||||||||
706 | Турак жай жана коммуналдык кызматтар - анын ичинде: | 3636939,2 | 3619205,6 | 17733,6 | 3494433,4 | 3476699,8 | 17733,6 | 41235,6 | 41235,6 | 41235,6 | 14207,7 | 14207,7 | 41664,8 | 41664,8 | 45397,7 | 45397,7 | |||
* | Капиталдык салымдар | 899991,2 | 899991,2 | 808879,5 | 808879,5 | 29972,8 | 29972,8 | 1388,1 | 1388,1 | 29750,8 | 29750,8 | 30000,0 | 30000,0 | ||||||
707 | Саламаттык сактоо | 277453,4 | 267336,6 | 10116,8 | 277453,4 | 267336,6 | 10116,8 | - | - | - | |||||||||
708 | Эс алуу, маданият жана дин | 283304,2 | 279273,3 | 4030,9 | 188883,2 | 184852,3 | 4030,9 | 26809,8 | 26809,8 | 26313,0 | 26313,0 | 20137,1 | 20137,1 | 21161,1 | 21161,1 | ||||
709 | Билим берүү | 3480012,6 | 3293746,3 | 186266,3 | 553921,6 | 526432,6 | 27489,0 | 757973,6 | 719196,9 | 38776,7 | 747345,3 | 705157,4 | 42187,9 | 635989,3 | 592444,9 | 43544,4 | 784782,8 | 750514,5 | 34268,3 |
710 | Социалдык коргоо - анын ичинде: | 322897,4 | 322291,4 | 606,0 | 50541,8 | 50285,8 | 256,0 | 66682,7 | 66482,7 | 200,0 | 61848,8 | 61848,8 | 86941,7 | 86791,7 | 150,0 | 56882,4 | 56882,4 | ||
* | Даректүү социалдык жардам | 198750,4 | 198750,4 | 19524,8 | 19524,8 | 45937,5 | 45937,5 | 47614,5 | 47614,5 | 42659,4 | 42659,4 | 43014,2 | 43014,2 | ||||||
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 13 токтомуна 2-1-тиркеме |
Бишкек шаарынын 2017-2019-жылдарга бюджетинин ЧЫГАША БӨЛҮГҮ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 19-мартындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
(миң сом)
№ к/к | 2017-жылга | 2018-жылга болжол | 2019-жылга болжол | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Бишкек шаары боюнча БАРДЫГЫ: | 9045107,5 | 9060616,1 | 9582348,3 | |
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | 531438,7 | 597797,7 | 597797,7 |
Резервдик фонд | 71200,0 | 71200,0 | 71200,0 | |
702 | Коргоо | 15031,8 | 14287,8 | 14287,8 |
703 | Коомдук тартип жана коопсуздук | 35275,0 | 50000,0 | 50000,0 |
704 | Экономикалык маселелер | 391255,2 | 401629,5 | 401629,5 |
анын ичинде: | - |
|
| |
* | Транспорт | 363849,2 | 331849,2 | 331849,2 |
705 | Айлана чөйрөнү коргоо | 300,0 | 300,0 | 300,0 |
706 | Турак жай жана коммуналдык кызматтар - анын ичинде: | 3636939,2 | 3681116,6 | 4202848,8 |
* | Капиталдык салымдар | 899991,2 | 900186,7 | 1421918,9 |
707 | Саламаттык сактоо | 277453,4 | 273605,0 | 273605,0 |
708 | Эс алуу, маданият жана дин | 283304,2 | 296501,4 | 296501,4 |
709 | Билим берүү | 3480012,6 | 3362168,2 | 3362168,2 |
710 | Социалдык коргоо - анын ичинде: | 322897,4 | 312009,9 | 312009,9 |
* | Даректүү социалдык жардам | 198750,4 | 191129,3 | 191129,3 |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 13 токтомуна 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген типтүү штаттардан ашык Бишкек шаарынын билим берүү уюмдары боюнча 2017-жылдын 1-январынан баштап киргизилген кошумча ШТАТТЫК БИРДИКТЕР
№ к/к | Кызматтардын аталышы | Бардыгы шт. бирдик. | анын ичинде райондор | Эскертүү | |||||
Ленин адм. району | Октябрь адм. району | Биринчи май адм. району | Свердлов адм. району | № 1 гимн. инт. | ОЧШБ | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
Билим берүү уюмдары боюнча | |||||||||
1 | Директордун тарбия иштери боюнча орун басары | 87,00 | 25,50 | 16,50 | 19,50 | 25,00 | 0,50 |
| окуучулардын саны 600гө чейин - 0,5 бирдик, окуучулардын саны 600 жана андан ашык болсо - 1,0 бирдик |
2 | Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары | 1,50 | 0,50 | 0,50 |
| 0,50 |
|
| № 22, 30, 34 атайын жардамчы мектептер үчүн - 0,5 бирдик |
3 | Директордун мамлекеттик тил боюнча орун басары | 71,50 | 20,50 | 15,50 | 16,00 | 19,50 |
|
| окуучулардын саны 600гө чейин - 0,5 бирдик, окуучулардын саны 600 жана андан ашык болсо - 1,0 бирдик |
4 | Директордун илимий-усулдук иштер боюнча орун басары | 35,00 | 6,00 | 9,00 | 10,00 | 10,00 |
|
| бардык статустук мектептерде - 1,0 бирдик |
5 | Директордун чет тили боюнча орун басары | 6,00 | 1,00 | 2,00 | 2,00 | 1,00 |
|
| № 6, 13, 23, 26, 37, 69 мектептерде - 1,0 бирдик |
6 | Психолог | 92,50 | 26,00 | 17,50 | 20,50 | 28,50 |
|
| окуучулардын саны 600гө чейин - 0,5 бирдик, окуучулардын саны 600 жана андан ашык болсо - 1,0 бирдик, №1 БШИ ден башка, (№ 12, 38, 67, 29 ГМ - 2,0 бирдиктен). (№ 22, 30, 34 АЖМ - 1,0 бирдиктен) |
7 | Усулчу | 1,00 |
|
|
|
| 1,00 |
| № 1 гимназия-интернат - 1,0 бирдик |
8 | Китепканачы | 77,00 | 22,50 | 16,00 | 17,00 | 21,50 |
|
| окуучулардын саны 1200гө чейин - 0,5 бирдик 1200 жана андан ашык болсо - 1,0 бирдик, № 22, 30, 34 АЖМ - 1,0 бирдиктен |
9 | Ийрим башчысы | 0,75 |
| 0,75 |
|
|
|
| № 34 АЖМ - 0,75 бирдик |
10 | Ашпозчу | 1,00 |
| 1,00 |
|
|
|
| № 34 АЖМ - 1,0 бирдик |
11 | Чарба башчысы | 4,00 | 1,00 | 2,00 |
| 1,00 |
|
| № 22, 30, 34 АЖМ, № 7 ЖЖМ - 1,0 бирдик |
12 | Катчы | 7,00 | 3,00 | 3,00 |
| 1,00 |
|
| № 14, 90 ОМ, № 22, 30, 34 АЖМ, № 7, 10 ЖЖМ - 1,0 бирдик |
13 | Бассейндин башчысы | 2,00 |
| 1,00 | 1,00 |
|
|
| № 70 ОТК - 1,0 бирдик, № 71 МИ - 1,0 бирдик |
14 | Бассейндин нускоочусу | 2,00 |
| 1,00 | 1,00 |
|
|
| № 70 ОТК - 1,0 бирдик, № 71 МИ - 1,0 бирдик |
15 | Хим. суу тазалоо аппаратчысы | 5,00 |
| 2,00 | 3,00 |
|
|
| № 70 ОТК - 3,0 бирдик, № 71 МИ - 2,0 бирдик |
16 | Гардеробчу | 2,00 |
| 1,00 | 1,00 |
|
|
| № 70 ОТК - 1,0 бирдик, № 71 МИ - 1,0 бирдик |
17 | Кастелянша | 1,00 |
|
|
|
| 1,00 |
| № 1 гимназия-интернатты тейлөө үчүн |
18 | Электрик | 1,50 |
|
|
|
| 1,50 |
| № 1 гимназия-интернатты тейлөө үчүн |
19 | Сантехник | 1,00 |
|
|
|
| 1,00 |
| № 1 гимназия-интернатты тейлөө үчүн |
20 | Имараттарды тейлөө боюнча жумушчу | 5,00 | 2,00 | 2,00 |
| 1,00 |
|
| № 22, 30, 34 АЖМ, №7, 10 ЖЖМ - 1,0 бирдик |
| Билим берүү уюмдары боюнча бардыгы | 403,75 | 108,00 | 90,75 | 91,00 | 109,00 | 5,00 | 0,00 |
|
Мектептен тышкаркы уюмдар боюнча | |||||||||
1 | Директордун уюштуруу-тарбия иштери боюнча орун басары | 1,00 |
|
|
|
|
| 1,00 | 3000ден ашык окуучу жана 95 мугалим |
2 | Бөлүм башчысы | 5,00 |
|
|
|
|
| 5,00 | ийримдердин багыттары боюнча |
3 | Усулчу | 4,00 |
|
|
|
|
| 4,00 | Бишкек шаарынын мектептен тышкаркы уюмдары боюнча усулдук иштер |
4 | Мугалим-уюштуруучу | 1,00 |
|
|
|
|
| 1,00 | маданий-массалык иш чараларды уюштуруу үчүн |
5 | Режиссер - үн оператору | 1,00 |
|
|
|
|
| 1,00 | "Таберик" БМТсынын иштеши үчүн |
6 | Режиссер - коюучу | 1,00 |
|
|
|
|
| 1,00 | "Таберик" БМТсынын иштеши үчүн |
7 | Костюмдар кампасынын башчысы | 1,00 |
|
|
|
|
| 1,00 | костюмдарды талаптагыдай кароо жана сактоо үчүн |
8 | Имаратты тейлөө боюнча жумушчу | 2,00 |
|
|
|
|
| 2,00 | "Чайка", "Звездочка" эки имаратын тейлөө үчүн |
9 | Катчы | 0,50 |
|
|
|
|
| 0,50 | иш кагаздарын жүргүзүү үчүн - 0,5 бирд. |
10 | Вахтер | 2,00 |
|
|
|
|
| 2,00 | "Кыргызстан балдары" ШОЧБ - 2,0 бирд. |
| Мектептен тышкаркы уюмдары боюнча бардыгы | 18,50 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 18,50 | |
Мектепке чейинки билим берүү уюмдары боюнча | |||||||||
1 | Усулчу | 43,50 | 6,50 | 23,50 | 3,50 | 10,00 |
|
| 6дан 8 топко чейин - 0,5 бирдик, 8 жана андан ашык топтор - 1,0 бирдик, атайын б/бакча № 164 - 0,5 бирд., № 162 "Азем" б/б, № 181, № 182 - 0,5 бирд. |
2 | Улук медайым | 42,50 | 9,00 | 18,00 | 7,00 | 8,50 |
|
| Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында - 0,5 бирдиктен, б/б № 181, № 182 - 0,5 бирд. |
3 | Медайым | 1,00 | 1,00 |
|
|
|
|
| № 164 "Ак-Тилек" атайын бала бакчасына - 1,0 бирдик |
4 | Жардамчы жумушчулары | 15,75 | 2,50 | 8,50 | 1,75 | 3,00 |
|
| 6 жана андан ашык топ - 0,25 бирдик, б/б № 181, № 182 - 0,25 бирд. |
5 | Дарыгер-педиатр | 1,00 | 1,00 |
|
|
|
|
| № 164 "Ак-Тилек" атайын бала бакчасында |
6 | Ортопед-медайым | 1,00 |
| 1,00 |
|
|
|
| № 174 атайын бала бакчасында |
7 | Врач-психиатр | 1,00 | 1,00 |
|
|
|
|
| № 164 "Ак-Тилек" атайын бала бакчасында |
8 | Дарылоочу дене-тарбия инструктору | 0,50 | 0.50 |
|
|
|
|
| № 164 "Ак-Тилек" атайын бала бакчасында |
9 | Укалоочу | 1,00 | 1,00 |
|
|
|
|
| № 164 "Ак-Тилек" атайын бала бакчасында |
10 | Чарба башчысы | 9,50 | 3,00 | 2,00 | 3,00 | 1,50 |
|
| Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына № 4, 5, 26, 49, 64, 66, 72, 73, 75, 78, 91, 122, 162, 164, 172, 173, 181, 182, 185 - 0,5 бирдиктен |
11 | Ашпозчу | 18,50 | 1,00 | 12,00 |
| 5,50 |
|
| 10 жана андан ашык топ - 1,0 бирдик, № 162 б/б "Азем" № 181, № 182 - 0,5 бирд. |
12 | Логопед | 11,00 | 4,00 |
| 3,00 | 4,00 |
|
| мектепке чейинки билим берүү уюмдарында № 28, 52, 64, 185, 28, 61, 75, 51, 113, 145, 162 - 1,0 бирдиктен |
13 | Түнкү мезгилде иштөөчү медайым | 1,00 |
|
|
| 1,00 |
|
| № 48 атайын бала бакчасында - 1,0 бирдик |
14 | Электрик | 0,50 |
| 0,50 |
|
|
|
| № 182 МББУсында - 0,5 бирдик |
| Мектепке чейинки билим берүү уюмдар боюнча бардыгы | 147,75 | 30,50 | 65,50 | 18,25 | 33,50 | 0,00 | 0,00 |
|
| Бардыгы: | 570,00 | 138,50 | 156,25 | 109,25 | 142,50 | 5,00 | 18,50 |
|
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 13 токтомуна 4-тиркеме |
Кызматкерлерге келишимдик негизде ай сайын акы төлөө ӨЛЧӨМҮ
(сом)
№ к/к | Аталышы | сумма |
1 | Кварталдык комитеттердин төрагалары | тейленген 1 үй үчүн 15 сом |
2 | Үй комитеттеринин төрагалары | тейленген 1 батир үчүн 13 сом |
3 | Аксакалдар сотторунун төрагалары | 2000 |
4 | Ирригация тармагынын мураб-техниктери | 6800 |
5 | Үй алдындагы аймактын короо тазалагычтары | 6800 |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 13 токтомуна 5-тиркеме |
2016-жылдын 1-январына карата чыгашалардан кирешелерди ашыруунун эсебинен багытталуучу чыгымдардын СУММАСЫ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 3-октябрындагы № 29 токтомунун редакциясына ылайык)
(миң сом)
| Мекемелердин аталышы | Кандай максаттарга | Сумма |
Шаардык бюджет - бардыгы |
| 79374,2 | |
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | 1) Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлеринин тамактануусу жана жол киресине карата чыгашаларын компенсациялоого 5821,1 миң сом суммасында, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгына 3006,1 миң сом суммасында, Бишкек шаардык кеңешке 2170,7 миң сом суммасында, "185" тез чара көрүү кызматына 346,2 миң сом суммасында. Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлерине дем берүүчү акыларды төлөөгө 19737,9 миң сом суммасында, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгына 11402,1 миң сом суммасында, Бишкек шаардык кеңешке 8372,7 миң сом суммасында, "185" тез чара көрүү кызматына 1003,5 миң сом суммасында, Бишкек шаарынын мэриясынын ТКЧ башкармалыгына - 1887,6 миң сом, Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын ИИМ МАККББнын Бишкек шаарынын мэриясынын имаратындагы күзөт кызматынын инспекторлоруна дем берүүчү акыларды төлөөгө 548,0 миң сом суммасында, Ленин администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын кызматкерлерине стимулдаштыруучу акы төлөөлөргө 2292,0 миң сом суммасында, Ленин финансы башкармалыгына 1270,9 миң сом суммасында, Октябрь администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын кызматкерлерине 2443,3 миң сом суммасында, Октябрь финансы башкармалыгына 1170,6 миң сом суммасында, Биринчи май администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын кызматкерлерине 2483,0 миң сом суммасында, Биринчи май финансы башкармалыгына 2054,2 миң сом суммасында, Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын кызматкерлерине 2428,5 миң сом суммасында, Свердлов финансы башкармалыгына 1135,8 миң сом суммасында. 2) Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигине "Бишкек шаарынын жолдорунун боюна муниципалдык токтотмолорду уюштуруу" долбоору боюнча кеңеш берүүчү кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө 9800,0 миң сом суммасында | 79374,2 |
Ленин адм. району - бардыгы: |
| 7459,6 | |
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | Ленин администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын кызматкерлеринин тамактануусу жана жол киресине карата чыгашаларын компенсациялоого 2242,9 миң сом суммасында, Ленин финансы башкармалыгына 1126,8 миң сом суммасында, муниципалдык аймактык башкармалыктарга 1892,7 миң сом суммасында. Ленин администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын кызматкерлерине дем берүүчү акы төлөөлөргө 845,2 миң сом суммасында, Ленин финансы башкармалыгына 366,9 миң сом суммасында, муниципалдык аймактык башкармалыктарга 985,1 миң сом суммасында | 7459,6 |
Октябрь адм. району - бардыгы: |
| 5722,9 | |
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | Октябрь администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын кызматкерлеринин тамактануусу жана жол киресине карата чыгашаларын компенсациялоого 2242,9 миң сом суммасында, Октябрь финансы башкармалыгына 1027,9 миң сом суммасында, муниципалдык аймактык башкармалыктарга 1892,7 миң сом суммасында. Октябрь администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын кызматкерлерине дем берүүчү акы төлөөлөргө 559,4 миң сом суммасында | 5722,9 |
Биринчи май адм. району - бардыгы: |
| 7192,1 | |
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | Биринчи май администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын кызматкерлеринин тамактануусу жана жол киресине карата чыгашаларын компенсациялоого 2242,9 миң сом суммасында, Биринчи май финансы башкармалыгына 1769,8 миң сом суммасында, муниципалдык аймактык башкармалыктарга 1577,2 миң сом суммасында, Биринчи май администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын кызматкерлерине дем берүүчү акы төлөөлөргө 529,1 миң сом суммасында, Биринчи май финансы башкармалыгына 347,3 миң сом суммасында, муниципалдык аймактык башкармалыктарга 476,6 миң сом суммасында. Биринчи май администрациялык районуна синхрондук котормо үчүн жабдуу алууга 249,2 миң сом суммасында | 7192,1 |
Свердлов адм. району - бардыгы: |
| 4917,6 | |
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын кызматкерлеринин тамактануусу жана жол киресине карата чыгашаларын компенсациялоого 2275,0 миң сом суммасында, Свердлов финансы башкармалыгына 1038,6 миң сом суммасында, муниципалдык аймактык башкармалыктарга 1604,0 миң сом суммасында | 4917,6 |
| Бишкек шаары боюнча БАРДЫГЫ: |
| 104666,4 |
| Шаардык бюджет - бардыгы: |
| 586,4 |
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | 586,4 | |
1 | Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгы | кызматкерлерге дем берүүчү акы төлөөлөргө | 586,4 |
| Октябрь. адм. району - бардыгы: |
| 0,0 |
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | 0,0 | |
1 | Октябрь администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясы | кызматкерлерге дем берүүчү акы төлөөлөргө | -559,4 |
2 | Муниципалдык аймактык башкармалыктар | кызматкерлерге дем берүүчү акы төлөөлөргө | 559,4 |
| Бишкек шаары боюнча бардыгы: |
| 586,4 |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 13 токтомуна 6-тиркеме |
2017-жылдын 1-январына карата Бишкек шаарынын бюджеттик мекемелеринин атайын каражаттарынын калдыктарынын чыгашаларын багыттоо
(миң сом)
| Аталышы | Бардыгы | Шаардык бюджет | Ленин адм. району | Октябрь адм. району | Биринчи май адм. району | Свердлов адм. району |
| Жылдын башындагы атайын каражаттардын бардык калдыгы, анын ичинде: | 15371,8 | 6756,9 | 2777,5 | 410,4 | 4404,6 | 1022,4 |
| Бюджеттин кирешесине киргизилди | 2567,6 | 2343,0 | 100,9 | 0,0 | 0,9 | 122,8 |
| Бюджеттин кирешесине киргизилген сумманы эсептен чыгаргандан кийинки калдык | 12804,2 | 4413,9 | 2676,6 | 410,4 | 4403,7 | 899,6 |
| Чыгашалардын бардыгы, анын ичинде: | 12804,2 | 4413,9 | 2676,6 | 410,4 | 4403,7 | 899,6 |
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | 241,3 |
| 0,2 | 26,3 | 0,2 | 214,6 |
706 | Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр | 107,4 | 66,7 | 9,2 | 6,3 | 25,2 |
|
707 | Саламаттык сактоо | 1366,4 | 1366,4 |
|
|
|
|
708 | Эс алуу, маданият жана дин | 560,2 | 560,2 |
|
|
|
|
709 | Билим берүү | 10229,5 | 2418,7 | 2482 | 377,8 | 4266 | 685 |
710 | Социалдык коргоо | 299,4 | 1,9 | 185,2 |
| 112,3 |
|
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |