Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 27-январы, ПЖ №36 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негизин турмушка ашыруу боюнча Улуттук кењеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 23-августундагы Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүүнегизиннин (мындан ары - КОР) милдеттерин турмушка ашыруу процессинжалпы координациялоону жана башкарууну мамлекеттик бийликтин бардыкбутактарынын жана жарандык коомдун иштиктүү өнөктүгүнүн принциптериндекамсыз кылуу максатында токтом кылам: 1. «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүнкомплекстүү негизин турмушка ашыруу боюнча Улуттук кењеш жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 23-августундагы №259
Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - аталган Указдын 4, 5- жана 7-пункттары төмөнкүдөй редакциядабаяндалсын: «4. КОРдун улуттук координаторунун милдеттери КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялыкөнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн. 5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынынтүзүмүндө стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмү түзүлүп, алУлуттук кењештин жумушчу органы болуп санала тургандыгы белгиленсин.»; - жогоруда аталган
Указ менен бекитилген КОРду турмушка ашыруубоюнча Улуттук кењеш жөнүндө
Жобонун 11, 12- жана 13-пункттарытөмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «11. Кыргыз Республикасынын Президенти - Улуттук кењештинтөрагасы, ал эми Кыргыз Республикасынын Премьер-министри анынорунбасары болуп саналат. Улуттук кењештин мүчөлөрү анынжыйналыштарына алмашуу укугу болбостон жеке катышат. 12. Улуттук кењештин ишинин планы анын жыйналыштарында бекитилет.Күн тартиби - Улуттук кењештин төрагасы, ал эми ал жокто төраганынорунбасары аныктайт. Улуттук кењештин жыйналыштары жарым жылда кеминдебир жолу өткөрүлөт. 13. Улуттук кењештин ишин анын жумушчу органы - КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялыкөнүктүрүү жана экспертиза бөлүмү камсыз кылат.». 2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев