Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 8-ноябры ПЖ № 523 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралу "Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстар, технологиялар жанабайланыш Улуттук агенттигин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Пре-зидентинин милдетин аткауучунун
2005-жылдын 25-июнундагы № 252 Жарлыгынаткаруу үчүн токтом кылам: 1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринбекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруу-чунун
2005-жылдын 21-апрелиндеги № 130 Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоокиргизилсин: жогоруда аталган Жарлыктын "Кыргыз Республикасынын администрация-лык мамлекеттик кызмат орундарынын реестри" деген № 2 тиркемесинде: - "Аткаруу бийлик органдары" деген VI бөлүктөгү "Кыргыз Республи-касынын администрациялык ведомстволору" деген 4-главанын "Улук кызматорду" категориясынын С1 тобу төмөнкүдөй мазмундагы 4-абзац менен толук-талсын: "Аймактык башкаруу бөлүмүнүн начальниги". - тиешелүү түрдө төртүнчү жана бешинчи абзацтар бешинчи жана ал-тынчы абзацтар деп эсептелсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - ушул Жарлыктар келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чеч-син; - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев