Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXII - сессиясы
2020-жылдын 15-сентябры № 234
2020-жылдын бюджетине каралган пландарды кайра кароо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн каржы -экономика бөлүмүнүн башчысынын 2020-жылга бекитилген бюджетинде кыймылсыз мүлк салыгы жана ыктыярдуу патент салыгы аткарылбай жаткандыгы тууралу маалыматтын угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын бекитилген бюджетиндеги ыктыярдуу патент салыгына белгиленген 200,0 миң сом план тапшырмасын айылдагы кээ бир соода түйүндөрүнүн жабылгандыгына жана жаңы мектептин курулушу убактылуу токтоп тургандыгына байланыштуу толук аткарылбагандыктан 15,0 миң сомго азайтуу жагы талапка ылайыктуу экендиги белгиленсин.
2. 2020-жылдын бекитилген бюджетиндеги кыймылсыз мүлк салыгынын 3 группасындагы 54,3 миң сом план тапшырмасы Талас Коппер-Голд жоопкерчилиги чектелген коомунун Ойчилик өзөнүндөгү 20 сотых жерди арендага алуу жөнүндөгү келишимдин мөөнөтү 2019-жылдын 1-сентябрында токтогондугуна байланыштуу аткарылбагандыктан, бюджетте каралган планды кайра карап берүү жагы сунушталсын.
3. 2020-жылдын бюджетте каралган пландарды кайра кароо жана өзгөртүү киргизүү жагы КР финансы министрлигинин Талас башкармалыгына суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн каржы - экономика бөлүмүнүн башчысынан суралсын.
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Т. Асанов |