Редакцияот 27.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2018 жылдын 27- июну № 62/X-27

 

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион конкурс жана торук өткөрүү боюнча түзүлгөн комиссияныбекитүү жөнүндө

       

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22 июнь 2007 жылдагы 243 номерлүү токтому менен бекиген “Кайра бөлүштүрүү фондунун  жер тилкелерин ижарага берүүнүн шарттары жөнүндөгү” типтүү жобого ылайык жана Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун,  жер тилкелерин ижарага  берүү боюнча аукцион, конкурс жана торук өткөрүү максатында Узун-Кыр  айылдык  кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

      1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун,  жер тилкелерин ижарага  берүү боюнча аукцион, конкурс жана торук өткөрүү боюнча  комиссиясы төмөнкү түзүмдө жана комиссиянын 1-тиркемедеги иш регламенти бекитилсин:

      1. Душекеев К.А -  Узун- Кыр айылдык кенешинин агрардык суроолор боюнча комиссиянын төрагасы;

      2. Кадыркулов Т.А-   Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасынын орун басары

      3. Усупбаева Т.Д.- Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, муниципалдык      менчик боюнча башкы адиси, комиссиянын катчысы;

     Комиссиянын мүчөлөрү:

4. Чокошов С.А – Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы

     5. Джумабек уулу Радик – Узун-Кыр айылдык кенешинин депутаты

6. Абиров А.Б. - Джер-Казар айылынын тургуну

     7. Алыбаев Т.А –Төмөнкү-Норус айылынын тургуну

8. Ысык-Ата районунун архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын өкүлү келишим боюнча;

     9. Ысык-Ата районунун кыймылсыз мүлктү жерге жайгаштыруу жана укугун каттоо боюнча башкармалыгынын өкүлү келишим боюнча

    

     2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун  жер тилкелерин ижарага  берүү боюнча аукцион, конкурс жана торук өткөрүү боюнча  комиссиясына, ФПС  жер тилкелерин ижарага берүү боюнча шартка ылайык аукцион, конкурс жана торук уюштурулуп өткөрүлсүн.

    3. Узун-Кыр айылдык кенешинин 27.01.2017-жылдагы № 13/11-27 номерлүү “Жер комиссиясынын түзүмүн бекитүү жөнүндөгү” токтому күчүн жоготту депэсептелсин.

   4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - Узун-Кыр айылдык кеңешинин агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – К.А. Душекеевге жүктөлсүн.

 

Төрага:

Ж.А. Малабаев