Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-декабры № 64/XI-27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна ылайык, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралу Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек аймактык юстиция башкармалыгына мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык кеңешинин каржы жана бюджет боюнча, социалдык суроолор, укук тартиби жана мыйзамдуулук боюнча, жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.
Төрага: | Ж.А. Малабаев |
|