УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-декабры № 66/XI-27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун ишинин
регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу, аксакалдар сотторун усулдук жактан камсыздоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө” Жобонун 6-пунктунун «б» пунктчасынын 2-абзацына ылайык, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун ишинин регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык кеңешинин социалдык суроолор, укук тартиби жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |
|