Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-декабры № 69/XI-27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджет планын бекитүү жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин божомолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 13-беренесинин негизинде, Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын 2019-жылдын бюджетин бекитүү жана 2020-2021 жылдарга бюджеттин божомолу жөнүндөгү” маалыматын угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин: Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин планы:
- киреше бөлүмү боюнча 9693,4 миң сом, анын ичинен: киреше боюнча атайын каражат 2320,0 миң сом;
- чыгаша бөлүмү боюнча 2019-жылга 9693,4 миң сом, анын ичинен: чыгаша боюнча атайын каражат 2320,0 миң сом.
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин киреше бөлүгү № 1 тиркемеге ылайык түшкөн кирешелердин эсебинен чогултат. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгашасын каржылоо № 2,3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жактырылсын Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин негизги параметрлери боюнча божомолу:
- 2020-жылга киреше жана чыгашанын божомолу суммасы – 10048,4 миң сом
- 2020-жылга киреше жана чыгашанын божомолу суммасы – 10261,8 миң сом
4. 2019-жылга каржылоо чыныгы чогулткан кирешеге жараша болоору аныкталсын. Анын ичинен биринчи кезекте коргонгон беренелер боюнча чыгашалар (эмгек акы, социалдык фондго төлөм, тамактануу, коммуналдык тейлөө) каржылансын.
5. Штаттык сандагы бош орундардын азайып же көбөйүшү муниципалдык мекемелерде кабыл алынган нормативдик актыларга байланыштуу, корголгон беренелердин чыгашалары азайышы же көбөйүшү мүмкүн.
6. 2018-жылда толук каржыланбай калган чыгашалар 2019-жылдын бюджетинде каралган бөлүнгөн каражатка жараша (ассигнованиенин чегинде) жана анын эсебинде компенсациялансын.
7. Бекитилген бюджеттик каражаттардан жана атайын каражаттарынын сметасынан ашык түшкөн каражаттар, толугу менен айыл өкмөттүн карамагында калат.
8. Бюджеттик атайын каражаттарды казына тутумунан өтүп пайдаланууга тыюу салынсын.
9. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына ашык божомолдонгон кирешелердин түшүшүнө, кирешенин чыгашадан көп болушуна байланыштуу 2019-жылга бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу айылдык Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен берилсин.
10. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнө жергиликтүү бюджетти аткаруу маалында, киреше бөлүмүн ашыкча аткарууда түшкөн ашыкча каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президентинин социалдык иштерди аткаруу, улуттук жана социалдык программаларды ишке ашыруу, Өкмөттүн токтомдорун, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорун, Узун-Кыр айылдык Кеңештин токтомдорун, муниципалдык кызматкерлерди сыйлоого, коммуналдык тейлөө төлөмдөрүн жабууга, зарыл убакта өзгөчө кырдаалдын абалын жок кылууга, ЖӨӨБ убактылуу каржылык жардамга, жана башка сатып алууларга жана чыгашаларга пайдалануу каралсын.
11. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмү, Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы С.А.Чокошов менен биргеликте:
- муниципалдык кызматкерлердин эмгегин стимулдаштырууга жана социалдык колдоо көрсөтүүгө, Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине бош калган каражаттардын эсебинен сыйлык акы төлөп берүүгө жол берилсин.
- жыл башында бош калган каржы каражаттардын эсебинен (Нооруз, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү) сыйлык акы төлөп берүү каралсын.
12. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо тиричилигин жакшыртуу максатында арыздардын келип түшүшүнө жана турмуш тиричилиги изилденгенден кийин 2000 сом эсебинде материалдык жардам көрсөтүлсүн, ал эми калган шарттарда каржылоо шартка жараша көбөйтүлсүн.
13. Жеңилдик берген категориядагы жарандарды сыйлоо 1000 сом өлчөмүндөгү жардам көрсөтүлсүн.
14.Аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 2000 мин.сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлсүн.
15. Өндүрүштүк керектөөлөргө байланыштуу айыл өкмөттүн кызматтык автоунаасына 240 литр лимит берилип, күйүүчү-майлоочу майлары жана башка транспорттук тейлөөлөрү менен 2019-бюджеттик жылга пайдалануу каралсын.
16. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - Узун-Кыр айылдык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |