Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-декабры № 71/XI-27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн “Жер-Казар айылындагы социалдык объектерди (мектеп, бала бакча, эстелик, клуб жана айыл өкмөтүнүн имаратынын) айланасын тосуу боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен кош каржылоо жөнүндө
Кыргыз Республиксынын Өкмөтүнүн 10.11.2018-жылдагы № 633 номерлүү “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык жана Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын “Жер-Казар айылындагы социалдык объектерди (мектеп, бала бакча, эстелик, клуб жана айыл өкмөтүнүн имаратынын) айланасын тосуу” боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен кош каржылоо жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМУ КЫЛАТ:
1.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн “Жер-Казар айылындагы социалдык объектерди (мектеп, бала бакча, эстелик, клуб жана айыл өкмөтүнүн имаратынын) айланасын тосуу” боюнча долбоорго жергиликтүү бюджеттин эсебинен кош каржылоо үчүн 20% өлчөмүндөгү жалпы суммасы618 157 (алты жүз он сегиз миң бир жүз элүү жети) сом акча каражатынын сметалык төлөмү бекитилсин.
2.Жер-Казар айылындагы социалдык объектерди( мектеп, бала бакча, эстелик, клуб жана айыл өкмөтүнүн имаратынын) айланасын тосуудолбоору колдоогоалынса, 618 157 (алты жүз он сегиз миң бир жүз элүү жети) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен 2019-жылы кечиктирилбестен каржылансын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө –Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы – А. Мусаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |