Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-декабры № 72/XI-27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-декабрындагы № 38/V-27 номерлүү токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 12-апрелиндеги “Жер казынасы” Мыйзамына ылайык, 2017-жылдын 4-майындагы 5386 номерлүү “Казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна” берилген лицензиянын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 32 беренелерине ылайык, Узун-Кыр айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-декабрындагы № 38/V -27 номерлүү “КG STONE” (Кей Джи Стоун) Жоопкерчилиги чектелген коомуна Төмөнкү-Норус айылы, № 299- контурда жайгашкан БСРдин экинчи скважинасын жана скважинанын айланасынан 400 кв.м жер тилкеси лицензиянын мөөнөтүнө 2026-жылдын 4-майына чейин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктундагы № 299, № 301ге өзгөртүлсүн жана “коргоо зонасына” деген сөз толуктоо киргизилсин.
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы С.А. Чокошовго: “КG STONE” (Кей Джи Стоун) Жоопкерчилиги чектелген коому менен мыйзам чегинде 400 кв.м жер тилкесине убактылуу пайдалануу келишими түзүлсүн.
3.Ысык-Ата райондук мамлекеттик кыймылсыз мүлккө укугун каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгы тарабынан убактылуу пайдалануу укугу бекитилген мыйзам чегинде каттоо жүргүзүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн агрардык суроолор боюнча комиссиясынын төрагасы К. Душекеевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |