Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-декабры № 75/XI-27
Материалдык баалуулуктарды баланска алуу жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К. Жумаканованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саясий өнүктүрүү институту мекемесинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына балдардын жана жаштардын абалын баалоо үчүн техникалык жардам көрсөтүү максатында жергиликтүү суроолорду башкаруу жана жаштардын катышуусу менен мониторинг жүргүзүү боюнча ишке ашыруу” долбоорунун алкагында ЮНИСЕФтин колдоосу менен ишке ашырылган, 2018- жылдын 10-декабрында түзүлгөн актынын негизинде, жалпы суммасы 35000 (отуз беш миң) сом акча каражатына алынган музыкалык аппаратура, микшердик пульт-1 даана, колонка -2 даана, микрофон -1 даана Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2, Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Узун-Кыр айылдык кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы – А.Мусаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |