Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-декабры № 76/XI-27
Материалдык баалуулуктарды баланска алуу жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй областтык китепканасы тарабынан берилген жалпы суммасы 25377 сом 40 тыйынды түзгөн акча каражатына алынган 1 даана компьютер комплекси жана компьютердик столу, Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2, Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы – А. МУсаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |