Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы № 77/12-27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга стратегиялык
өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү бшкаруу” жөнүндөгү Мыйзамынын 47-беренесинин негизинде, мамлекеттик башкарууну эффективдүү өнүктүрүү, экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн темпин жогорулатуу жана аткаруу бийлигинин иштешин активдештирүү максатында жана 2018-2020-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиясы боюнча коммдук угууларды эске алуу менен бирге билдирүүлөрдү угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиясы боюнча 2018-жылдын 20-январындагы коомдук угуулардагы сын-пикирлердин, сунуштардын негизинде кошумча – алымчасы менен айыл өкмөтүнүн башчысы С.А.Чокошовдун билдирүүсү угулсун.
2. Узун-Кыр айыл аймагынын 2018-2020-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиясы, 2017-жылдын 13-декабрындагы коомдук угууларды сын-пикирлердин, сунуштардын негизинде кошумча-алымчасы менен бекитилсин.
3. Узун-Кыр айыл өкмөтүнө, бюджеттик мекемелердин жана менчигинин түрүнө карабай чарбалардын жетекчилерине жана ишкана жетекчилерине, айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиясынын аткарылышы боюнча планда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын камсыз кылуу боюнча зарыл болгон массалык иш-чараларды алып баруу милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө – социалдык суроолор, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – Н.Н.Кыдыралиевага жүтөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |