Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы № 78/12-27
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенствосу (АРИС) тарабынан “Айылды инвестициялоо” долбоорунун негизинде, Узун-Кыр айыл өкмөтунүн “Джер-Казар” айылынын “Нур бакча” бала бакчасынын айланасын коргоо жана кир жуучу жайды оңдоо иштерин жүргүзүү жана жабдууларды алуу” боюнча иштелип чыккан долбоорун жергиликтүү бюджеттин эсебинен кош каржылоо жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын “Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан “Айылды инвестициялоо” долбоорунун негизинде, Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн “Джер-Казар айылынын “Нур-бакча” бала бакчасынын айланасын коргоо жана кир жуучу жайды оңдоо иштерин жүргүзүү жана жабдууларды алуу” боюнча иштелип чыккан долбоорун жергиликтүү бюджеттин эсебинен кош каржылоо жөнүндө” билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн “Джер-Казар айылынын “Нур-бакча” бала бакчасынын айланасын коргоо жана кир жүүчү жайды оңдоо иштерин жүргүзүү жана жабдууларды алуу” боюнча иштелип чыккан долбоорун жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3,75% өлчөмүндөгү жалпы суммасы – 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражатынын сметалык төлөмү бекитилсин.
2. “Джер-Казар айылынын “Нур-бакча” бала бакчасынын айланасын коргоо жана кир жуучу жайды оңдоо иштерин жүргүзүү жана жабдууларды алуу” долбоору колдоого алынса, 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен 2019-жылы кечиктирилбестен каржылансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө – Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – М.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |