Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы № 79/ XII-27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019 -жылдын башталышына бош калган акча каражатын бекитүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын “Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-жылдын башталышына бош калган акча каражатын бекитүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын башталышына бош калган 2486,9,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен төмөнкү бөлүмдөр жана статьялары боюнча бекитилсин.
70111 бөлүмү АУП – статья 2111 – 385,0 миң сом
статья 2121 – 66,5 миң сом
Муниципалдык кызматкерлердин эмгегин стимулдаштыруу үчүн жана социалдык колдоо көрсөтүү үчүн (Нооруз, Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын күнү, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү жана жыл жыйынтыгы боюнча) сыйлык акы төлөп берүү бекитилсин.
3111 статьясынан – 61,2 миң сом (жылыткыч, желдеткич, компьютер толук комплектиси менен принтер жана сканер)
3111 статьясынан – 618,2 миң сом Дем берүүчү гранттык негизде түзүлгөн, “Социалдык объектилерди мектеп, бала бакча, маданият үйү жана административдик мекемени курчоо долбооруна өздүк салым”.
70823 бөлүмү Маданият үйү статья 3111 – 933,7 миң сом “Дружба айылындагы маданият үйүнүн имаратын оңдоо” долбооруна өздүк салым.
70911 бөлүмү – Бала бакча 60,0 миң сом АРИС долбооруна өздүк салым.
70629 – ТКЧ (атайын) бөлүмү 2111 статьясынан – 26,3 миң сом
2121 статьясы – 4,6 миң сом
3111 статьясы – 331,4 миң сом (Төмөнкү Норус айылынан балдар аянтчасын куруу жана курчоо, спорт аянтчасын курчоо) үчүн каралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө – Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |