Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы № 80/ XII-27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019- жылга негизги жана атайын эсептин штаттык тизимин бекитүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын “Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-жылга штаттык бирдиктерди киргизүү жөнүндөгү” билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Штаттык тизмедеги негизги эсеп боюнча төмөнкү бөлүмдөрдөн штаттык бирдиктер бекитилсин:
Айыл өкмөтүнүн аппараты -14 бирдик
Турак –жай, коммуналдык чарбасы – 7 бирдик (мамлекеттик тил адисине 0,5 бирдик каралсын, эмгек акысы 2500 сом бекитилсин).
Китепкана- 1,5 бирдик
Маданият үйү-5 бирдик
2.Спорт жана дене-тарбия боюнча инструкторуна маданият бөлүмүнөн 1 бирдик каралсын жана эмгек акысы 6500 сом бекитилсин.
3. Штаттык тизимдеги атайын эсеп боюнча төмөнкү бөлүмдөн: турак-жай, коммуналдык чарбасы - 5 бирдик.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |