Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы № 81/ XII-27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2018-жылга болгон социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы С.А.Чокошовдун “Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2018-жылга болгон социалдык–экономикалык өнүгүүсүн ишке ашыруу жөнүндөгү” билдирүүсүн угуп жана талкуулап, отчеттук убакыт ичинде планга ылайык белгилүү иш жасалганын айылдык кеңештин депутаттары белгилешти.
Айыл өкмөтү өзүнүн ыйгарым укугунун алкагында, ишинин негизги багыттары боюнча өзгөчө экономикалык жана социалдык өнүктүрүү маселелери боюнча иштерди жүргүздү. Бул жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде белгилүү жетишкендер байкалды.
Өзгөчө орунду агрардык, социалдык жана маданият секторундагы иш-чаралар, жерлерди эффективдүү пайдалануу иштери ээледи.
Бул мезгил ичинде калкты жакырчылыктан чыгаруу, калктын социалдык абалын жакшыртуу, физкультура жана спортту өнүктүрүү багытындагы программа боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөндүгүн белгилеп, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын социалдык – экономикалык өнүгүү планын ишке ашыруужөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын жана аткарылган иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына, бюджеттик жана менчик формаларына карабай бардык мекемелердин башчыларына, социалдык туруктуулук жана экономикалык өнүгүү боюнча төмөнкү багыттарды негиз катары кабыл алып, иш-чаралар жүргүзүлсүн. Болгон кемчиликтерди эске алып жана аларды жоюу боюнча конкреттүү чаралар көрүлсүн.
3. 2019-жылга өлкөнүн өнүгүү стратегиясына коюлган маселелер алкагында Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык өнүгүүнүн иш-чараларын планы иштелип чыгарылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы С.А.Чокошовго жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |