УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы № 83/ XII-27
Узун-Кыр айылдык кеңешинин жана Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн ишинин 2019-жылга болгон иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин негизинде, ошондой эле мамлекеттик башкарууну эффективдүү аткаруу, экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн темпин өстүрүү жана аткаруу бийлигинин ишин күчөтүү максатында, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айылдык кеңешинин жана Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019-жылга иш планы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык кеңешинин социалдык суроолор, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Н.Кыдыралиевага жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |