Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы № 84/ XII-27
Үй куруу үчүн жер тилкесин сурап кайрылган жарандарды жашоо шартына жана жер тилкесине болгон муктаждыгына жараша категорияларга бөлүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн жер маселелери, муниципалдык менчик өзгөчө кырдаалдар жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси-Т.Усупбаеванын “Үй куруу үчүн жер тилкесин сурап кайрылган жарандарды жашоо шартына жана жер тилкесине болгон муктаждыгына жараша категорияларга бөлүү жөнүндө” билдирүүсүнө жана Узун-Кыр айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча комиссиясынын 10-декабрдагы отурумунун протоколуна ылайык, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы-С.А. Чокошовго: Үй куруу үчүн жер тилкесин бөлүштүрүү айыл өкмөтүнүн жер комиссиясы менен бирдикте (үч айылдан экиден) айыл тургундарынын катышуусу менен жүргүзүлсүн.
2. Үй куруу үчүн жер тилкесин сурап кайрылган жарандарды жашоо шартына жана жер тилкесине болгон муктаждыгына жараша категорияларга бөлүү 1-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө –Узун-Кыр айылдык кеңешинин агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиянын башчысы – К. Дуйшекеевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |