Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы № 85/ XII-27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2018-жылга калкты социалдык жактан коргоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча жетектөөчү адиси-Г.О.Усубалиеванын “Узун-Кыр айыл аймагынын калкын социалдык жактан коргоо чаралары жөнүндөгү” билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши: азыркы түзүлгөн экономикалык шартта калкка социалдык колдоо көрсөтүүнүн негизги маселелери болуп, элдин алсыз катмарына даректик жардам көрсөтүү экендигин белгилейт. Бул боюнча иш алып барууда негизги багыттарынын бири -социалдык кепилдикти камсыз кылуу, калктын алсыз катмарынын жакырчылыгын жоюуда жардам көрсөтүү жана укугун коргоо болуп эсептелет. 2018 жылдын 15 декабрына чейин айыл өкмөтүнүн аймагында жакырчылыктын чегинде жашаган 18 үй –бүлө бар.Социалдык суроолор боюнча адиси, социалдык колдоо көрсөтүүгө муктаж болгон үй-бөлөлөрдү аныктоодо, ар бир аз камсыз болгон үй-бүлөгө социалдык паспорт толтурулат. Бул паспортто үй-бүлөнүн тутуму, киреше бөлүгү, жашоо - шарты көрсөтүлөт. Бул алынган маалыматтын негизинде үй-бүлөгө тиешелүү социалдык жардам көрсөтүүнүн түрү жана деңгээли аныкталат, андан тышкары, жакырчылыктан чыгаруу боюнча программа иштелип чыгарылат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, пенсиялык төлөм алууга укугу жок жумушка жарамсыз жарандарга адрестик жардам көрсөтүү ай сайын төлөнүүчү жөлөк пул түрүндө (ЕПП) жана социалдык жөлөк пул түрүндө жүргүзүлөт. Бул жарандар пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык төлөмдөрдү өз убагында алышат.
- Жалпы оору боюнча майыптар-37
- Бала чактан майыптар-17
- Инвалиды до 18 лет – 15
Көрүү жана угуу боюнча майыптар-9
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана майыптарынын жесирлери-3 адам
- Баатыр энелер – 9 адам
- Ай сайын бир жолу төлөөнүүчү жөлөк пул алучуулар – 5 үй -бүлө
- Тоголок жетимдер – 2 бала
- Жашы боюнча пенсионерлер – 283
- Персоналдык пенсионерлер – 2
- Толук эмес үй-бүлөлөр – 25
Иштебеген жарандар үчүн социалдык жардам көрсөтүү- бул жумуш менен камсыз болушуна жардам көрсөтүү.
2018 жылга түзүлгөн календардык планга ылайык, белгиленүүчү майрамдарга карата бардык иш-чаралар өткөрүлгөн.
Бир жыл ичинде калктын алсыз катмарына каралган жөлөк пул жана бардык өткөрүүлүүчү иш-чараларга жергиликтүү бюджеттен 347000 сом бөлүнгөн. Демөөрчүлөр тарабынан 25700 сом жардам көрсөтүлгөн.
Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде жана бул токтомдо көрсөтүлгөн бардык пунктуна ылайык, Узун-Кыр айыл өкмөтү тарабынан белгилүү иш-чаралар жүргүзүлгөнүн эске алып, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык суроолор боюнча жетектөөчү адиси – Г.О.Усубалиевага калкты социалдык коргоо боюнча программанын негизинде ишти алып баруу улантылсын.
- калктын алсыз катмарына даректик жардам көрсөтүүнү жүргүзүү;
- социалдык жактан муктаж болгон жарандарга социалдык тейлөө кызматын көрсөтүү;
- кары, жалгыз бой жарандарга үйүнөн тейлөө кызматын көрсөтүү;
- жакырчылыктын деңгээлин азайтуу боюнча иш-чара жүргүзүүнү улантуу жана
- жакырчылыктан чыгаруу боюнча түзүлгөн планды аткарууну камсыз кылуу;
- жергиликтүү бюджетке коомдук жумуштарды аткаруу үчүн жана белгилүү күндөргө карата иш-чараларды аткаруу үчүн акча-каражатын кароо;
2. Байланыш бөлүмүнүн башчысы – А.Смановага калктын аз камсыз болгон үй- бүлөлөрүнө пенсия, жөлөк пулдар өз убагында төлөнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн бюджет жана каржы жана социалдык суроолор, тартип, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларынын төрайымдарына (Н.Кыдыралиева, А.Мусаева) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |