Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы № 86/ XII-27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине АРИС долбоору тарабынан берилген эмеректерди жана жабдыктарды айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы-Г. Жумаканованын “АРИС долбоору тарабынан Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине берилген эмеректерди жана жабдыктарды, айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС долбоору тарабынан Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине кабыл алуу актысынын негизинде “Бодо мал үчүн тосмону кою, чатыр, жылытуучу меш жана баллону менен газ плитасы” объектиси Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын:
Тосмо № 1 - 24м*42м 1008 м2
Тосмо №2 - 16м*54м 864 м2
Тосмо № 3 - 24м*42м 1008 м”
Газ плитасы – 1 даана 4 көздүү
Жылытуучу меш – 1 даана
Чатыр - 1 даана 3х5 м
Газ баллон - 4 даана 10 кг
Долбоордун жалпы суммасы – 1417467 сом. Анын ичинен ПУУПЖ тарабынан берилген грант – 1021850 сом, накталай салым – 74250 сом, эмгек (иштеп берүү) салымы – 321367 сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө – Узун-Кыр айылдык кенешинин каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары –М.С. Осмоналиевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |