Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы № 87/ XII-27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине АРИС долбоору тарабынан берилген эмеректерди жана жабдыктарды айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы- Г.Жумаканованын “АРИС долбоору тарабынан Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине берилген эмеректерди жана жабдыктарды айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС долбоору тарабынан Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине PLMIP-HO-1-G-SH-18-6 контрактын алкагында кабыл алуу актысынын негизинде жалпы суммасы 38500 (отуз сегиз миң беш жүз) сомду түзгөн – 1 даана боз үй Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө – Узун-Кыр айылдык кеңешинин каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары –М.С. Осмоналиевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |