Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы № 88/ XII-27
“Нижний-Норус айылындагы “Узун-Кыр” суу сактагычын механикалык жол менен тазалоо” долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.11.2018-жылдагы № 633 номерлүү “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралу” токтомуна ылайык, жана “Узун-Кыр” суу сактагычынын абалы жөнүндөгү” билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Өнүгүү фондусу тарабынан каржылана турган “Нижний Норус айылындагы “Узун-Кыр” суу сактагычын механикалык жол менен тазалоо” долбоору бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө – Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы С.А.Чокошовго жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |