ң
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июну № 92/ XIII-27
Жайыт жерлерин башка максатта пайдалануу боюнча наркын жана мал жайганга жер тилкесин пайдалануу наркын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 26-январь 2009–жылындагы № 30 “Жайыт жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин негизинде жана Узун-Кыр айыл аймагынын Жайыт комитетинин башчысы - Б.Умурзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт жерлерди мал үчүн пайдаланууга: жылкы жана бодо мал үчүн 1 башка – 86 сом, майда жандык үчүн бир башка 20 сом бекитилсин.
2. Жайыт жерлерди мал үчүн эмес, башка максаттарга пайдалануу акысы:
- Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аймагында туруктуу жашаган айыл тургундарына 1 га жер тилкеси үчүн 860 сом жана андан жогору;
- айыл өкмөтүнүн аймагында туруктуу жашабаган жарандарга 1 га жер тилкесине 1720 сом жана андан жогору;
- айыл өкмөтүнүн аймагында туруктуу жашаган айыл тургундарына жеңил түзүлүштөгү курулмалар үчүн 1 кв.м. жер тилкеси 3 сомдон 5 сомго чейин;
- Айыл өкмөтүнүн аймагында туруктуу жашабаган жарандарга жеңил түзүлүштөгү курулмаларга 1 кв.м. жер тилкеси үчүн 10 сом жана андан жогору наркы бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө-Узун-Кыр айылдык кеңешинин агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |