Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-майы № 126/ XXIII-27
Ысык-Ата айылдык Кеӊешинин депутаттарынын 2019-жылдын 14-майындагы №03-19/Кл-46 “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы К.Теңизбаевке иштеген ишине канааттандырарлык эмес деген баа берип, ишеним көргөзбөө боюнча сунушун добушка коюу жөнүндөгү” кайрылуусун кароо жөнүндө
Ысык-Ата айылдык Кеӊешинин депутаттарынын 2019-жылдын 14-майындагы №03-19/Кл-46 “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы К.Теңизбаевке иштеген ишине канааттандырарлык эмес деген баа берип, ишеним көргөзбөө боюнча сунушун добушка коюу жөнүндөгү” кайрылуусун Ысык-Ата айылдык Кеӊешинин депутаттары карап, талкууга алып, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 49-беренесинин 7-пунктусунун 9-пунктчасынын негизинде Ысык-Ата айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Теңизбаев Камбарбек Асипбаевичке ишеним көрсөтүлбөсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын айылдык Кеӊештин социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом 8(сегиз) добуш менен кабыл алынды. Добуш берген депутаттар: Ибраимов Н., Чолпонбаев Т., Байтиков А., Калиев Б., Айылчинов Б., Джумашев Б., Тойкеев М., Ниязалиев Э.
Төрага | Т. Чолпонбаев |