Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-майы № 128/XXIII-27
“Ысык-Ата айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору” мекемесин түзүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкарууда укук бузуулардын алдын алуу боюнча жарандардын, коомчулуктун катышуусун камсыз кылуу, жарандардын коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү максатында жана Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөгү” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктусунун 17-пунктчасынын негизинде Ысык-Ата айылдык Кеӊешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып Ысык-Ата айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ысык-Ата айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору” Мекемеси-муниципалдык менчиктеги коммерциялык эмес түрдөгү юридикалык жакты түзүлсүн.
2. Юридикалык жактын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Ысык-Ата айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору” Мекемеси;
- расмий тилде:Учреждение “Общественно-профилактический центр Ысык-Атинского айылного аймака”;
- Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Ысык-Ата АА КААБ” м-и;
- расмий тилде: У-е“ОПЦ Ысык-Атинского АА”.
3. “Ысык-Ата айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору” Мекемесинин уюштуруучусу - Ысык-Ата айыл аймагынын Ысык-Ата айыл өкмөтү, жайгашкан дареги: Чүй облусу, Ысык-Ата району, Алмалуу айылы, Жакишев көчөсү №б/н аныкталсын.
4. “Ысык-Ата айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору” Мекемесинин юридикалык дареги: Чүй облусу, Ысык-Ата району, Алмалуу айылы, Жакишев көчөсү №б/н аныкталсын.
5. “Ысык-Ата айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору” Мекемесинин Уставы бекитилсин.Тиркеме 1.
6. Бул токтомдун аткарылышын “Ысык-Ата айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору” Мекемесинин төрагасына жүктөлсүн.
7. “Ысык-Ата айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору” Мекемесинин каттоодон өтүү, ж.б. иштөөсүн камсыз кылуучу чыгымдарды Ысык-Ата айыл өкмөтү өз бюджетинен камсыздап берсин.
8. “Ысык-Ата айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору” Мекемесинин кенешмесинин курамы түзүлсүн:
1) Төрагасы-Айылчинов Бакытбек Садырович- айылдык Кенештин депутаты;
2) Төрагасынын орун басары -Тайкашкаев Таалайбек Муратканович-Аксакалдар сотунун төрагасы;
3) Катчысы-Тентимишова Жылдыз Кожобековна- жоптуу катчы;
Мүчөлөрү:
4) Ибраимов Нурлан Таалайбекович-Ысык-Ата айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары, депутат;
5) Алчинбаев Талант Кубанычбекович- Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн Карагай-Булак айылынын айыл башчысы;профсоюз уюмунун мүчөсү;
6) Бейшекеева Индира Бекболотовна-Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылынын айыл башчысы, аялдар кенешинин мүчөсү;
7) Акылбеков Асейин Акылбекович- аймактык-тескөөчү;
9. “Ысык-Ата айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору” Мекемесинин жетекчисинин милдети Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты-Айылчинов Бакытбек Садыровичке жүктөлсүн, жашаган дареги: с.Тогуз-Булак,ул.Осмонова №7-А.
10. “Ысык-Ата айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору” Мекемесинин “ревизорунун” милдети – Женишбекова Анара Женишбековнага-Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адисине жүктөлсүн.
11. “Ысык-Ата айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору” Мекемесин Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгында мамлекеттик каттоодон өткөрүү милдети жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |