Редакцияот 14.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ысык-Ата айылдык Кеңешинин  27-чакырылган кезексиз XXIII (жыйырма үчүнчү) сессиясы

 

2019-жылдын  14-майы  № 129/XXIII-27

 

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин акча каражаттарын бир беренеден экинчи беренеге которуу жөнүндө

 

     Ысык-Ата айылдык Кеӊешинин депутаттары Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Чикеевдин Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин акча каражатын туура пайдалануу жана зарыл болгон иштерге жумшоо максатта бюджеттин сметасынын бир беренеден экинчи беренеге которуу зарылдыгы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 112-беренесинин негизинде, Ысык-Ата айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылдан калган калдыктан электрэнергияга каралган 356,9 миң сомдун 50,0 миң сом акча каражаты ЖКХ бөлүмүнүн 2221-беренесине “Алмалуу айылындагы почтанын тегерегин тосууга” которууга макулдук берилсин.

2.  Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин Билим берүү бөлүмүнүн 2221-беренесинде каралган 130,0 миң сом акча каражатынын ичинен 77,0 миң сом акча каражаты билим берүү бөлүмүнүн 3111-беренесине “О.Бөлөбалаев мектебинин ашканасын оңдоого” которууга макулдук берилсин.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.

           Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Төрага

Т. Чолпонбаев