Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-февралы № 56/21-27
Юрьевка айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2020-2021 жылдарга карата прогноздуу бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык Юрьевка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылда аткарылган бюджети 7798,5 миң сомго бекитилсин.
Анын ичинде:
Алыш-бериш эсебинде эркин калдык : 1230,5 миң сом
Атайын эсебинде калдык: 78,4 миң сом
2. Эркин калдык каражаттын эсебинен бөлумдөр боюнча чыгашалар:
- Маданият үйүнүн тосмосу 600,0 миң сом
- Юрьевка айылындагы жолдорду грейдерлөө 230,5 миң сом
- Кызматтык унаа сатып алуу 400,0 миң сом
3. Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылга 6996,5 миң сом божомол планын бекитүүгө макулдук берилсин.
4. Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысына 2019-жылда божомолдуу кирешелердин негизинде бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата түзгөн бюджети негизги каражаттар боюнча киреше булагы 6996,5 миң сомго жана чыгаша булагы 6996,5 миң сомго бекитилсин. Анын ичинде:
- Негизги эсеп 6971,5 миң сом
- Атайын эсеп: 25,0 миң сом
6. Божомол 2020-жыл – 8151,8 миң сом, 2021-жыл – 8496,2 тыс. сом.
Төрага | А. Омуралиев |