Редакцияот 13.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2018-жылдын  13-сентябры № 44/15-27

 

Юрьевка айыл өкмөтүнүн бюджетине 2018-жылдын 4- кварталына карата өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Р. Шабатоев атындагы орто мектебинин от-казандарын (2 д.) оңдоо иштеринин смета эсебин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  22.05.2018 “2018-2019 - жылда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатта, жана ошондой эле кышкы мезгилде от-казандардын бузулууга жеткирбөө жана окуу процессин үзгүлтүккө учурбоо максатта  Юрьевка  айылдык кенеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Юрьевка айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы   Н. Шамбетовага :

-  Юрьевка айыл өкмөтүнүн смета эсебинин ЖКХ  бөлүмүнөн  (жолдорду оңдоо)  билим берүү бөлүмүнө   от-казандарды оңдоого  300,0 (үч жүз миң) сом акча каражат которулсун.

2. Бул чечимдин аткаруусун көзөмөлдөө бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Омуралиев