ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-октябры № 46/17-27
АЧЖМФ жерлерин ижарага берүү келишимдерге өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007.29.06. № 1997-111 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү жобого ылайык Юрьевка айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө келишимдерге өзгөртүү киргизүү максатта Юрьевка айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө келишимдерге өзгөртүү киргизилсин.
2. 25 ноябрга чейин ижара акысы төлөнбөсө келешим жоюлсун.
3. Ижарачы келишимдин шарттарын сактабаса келишим жоюлуп жерлер кайра аукционго чыгарылсын.
Төрага | А. Омуралиев |