Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 136/ XXIV-27
Калкты медициналык жактан тейлөө иштери жөнүндө, ФАПтар жана “Тез жардам” бөлүмүнүн иштерин кароо жөнүндө
Күн тартибинин маселеси боюнча Алмалуу УБДТнын жетекчиси Джолдошева К.Т. сөз алып: 2019-жылдын 8 айында 4374 адам Үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобуна кайрылган, бул 2018-жылга салыштырмалуу 505 адамга көп, анын ичинен көбүнчө жүрөк оорулары, кан басымы боюнча жана апталык грипп оорусу менен ооругандар. Ымыркайлардын каза болгон учурлары жок, кош бойлуу жана төрөт учурунда каза болгон аялдар жок, 29 ымыркай төрөлдү, бул 2018-жылга караганда 2 ымыркайга аз, 16-адам каза болду, 2017-жылга караганда 5 адамга көп, көбүнчө жүрөк-гипертония ооруларынын айынан каза табышкан, каттоодо тургандар: туберкулез боюнча-3 адам, астма боюнча-9 адам, 2018-жылга салыштырмалуу 1 адамга көп, ашказан жарасы-2,2018-жылга салыштырмалуу 1 адамга көп, кан басым, жүрөк илдеттери боюнча-217 адам каттоодо турат.Тез жардам кызматы боюнча 2019-жылдын 8 айында 911 адам кайрылган, 2018-жылга салыштырмалуу 111 адамга көп, алардын ичинен көбү температура, кан басымынын жогорулашы, төмөндөшү боюнча кайрылгандар”-деп билдирүү берди. Алмалуу УБДТнын жетекчиси Джолдошева К.Т. билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калкты медициналык жактан тейлөө боюнча Алмалуу УБДТнын башчысы Джолдошева К.Т. билдирүүсү көңүлгө алынсын жана “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
2. Ар бир ФАПтын фельдшерлери калкты медициналык жактан тейлөө боюнча алгылыктуу иштерди алып барсын.
3. Джолдошева К.Т. ҮБДТ башчысы катары ар бир ФАПтын иштөө режимин көзөмөлгө алсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |