Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 137/ XXIV-27
Коомдук тартип жана кылмыштуулук менен күрөшүү иштери жөнүндө
Күн тартибинин экинчи маселеси боюнча Ысык-Ата айыл аймагынын аймактык-тескөөчүсү А.Акылбековдун отчету угулду. Отчету тиркелет.
Айылдык Кенештин төрагасы Т.Чолпонбаев сунуш киргизди: “Жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча ишке жакшыраак көңүл бурулсун”.
Айылдык Кенештин депутаты М.Тойкеев сунуш киргизди: “Кооптуу жерлерге камераларды коюу керек,кийинки жылы бюджеттен кароо зарыл”. Сунуштар көңүлө алынды.
Күн тартибинин экинчи маселесин Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айыл аймагынын аймактык-тескөөчүсү А.Акылбековдун отчетуна “канааттандырарлык” баа берилсин.
2. Айылдардагы жаш өспүрүмдөр арасында аймактык-тескөөчү жана жаштар менен иштөөчү инспектор тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. 2020-жылдын бюджетине байкоочу камераларды орнотуу киргизилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия жана каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |